Балдар «Илим» Билим берүү комплекси жөнүндө

Жакында биздин балдардын көптөн күткөн окуучулук эс алуу мезгили келет.

Илимдиктер эс алуу менен, жаңы окуу жылына жаңы күч топтошот.

Ошондуктан эс алуу мезгили башталганга чейин, биз баштапкы мектеп окуучуларынан интервью алууну чечтик.

Алардын өз убактыларын мектепте кантип өткөрөөрү, эң көп кайсы сабактарга кызыгаары жана аларга «Илим» Билим берүү комплексинде баарынан да эмнени жагаары жөнүндө бизге 3 «А» классынын окуучулары Эрика Шаршекеева, Дарина Биримкулова жана Даниэла Пархачева айтып беришти.

Эске сала кетсек, бизде жаңы окуу жылына жазылуу башталган. «Илим» Билим берүү комплексиндеги, эсеп боюнча 27 окуу жылы жемиштүү жана ийгиликтүү болоруна убада берет!

Кеңеш алуу, же жазылуу үчүн сиздер бул номер боюнча кайрылсаңыздар болот: 0770 330 323.