Келечек үчүн билим берүү

Максаты: ЮНЕСКОнун бул долбоору билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн маалыматтык компьютердик технологияларды колдонот (МКТ).

Иштөө формасы: практикалык иш, Internet аркылуу башка мамлекеттердин окуучулары менен түздөн-түз баарлашуу, конференциялар, тажрыйба алмашуу.

Жыйынтык:

  • 13 март 2019 ж. «Илимде» ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы «Аялдар жана кыздар илимде» Ассоциацияланган мектептеринин конференциясы болуп өттү. Мында «ЮНЕСКО» фондунун кыргызстандык жана чет өлкөлүк өкүлдөрү катышты. А биздин жаш окуучулар конференциянын катышуучулары үчүн ар түрдүү темадагы өз изилдөө иштеринин алкагында илимий докладдарын көрсөтүштү.
  • 15 март 2019 ж. «Илим» ББКсында Борбордук Азиядагы балдардын эң чоң - IKFF кинофестивалынын катышуучуларын сыйлоо салтанаты болуп өттү. Салтанаттуу сөзү менен IKFF негиздөөчүсү жана Башкы менеджери - Сейид Султан Ахмед, «Роза Отунбаеваенын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү – Отунбаева Роза Исаковна жана Орто Азиядагы IKFF долбоорунун директору – Женни Жениш кызы чыгып сүйлөштү. Биздин конференц-залда «кино педагогикасы» жана «кинопедагогика аркылуу креативдүү билим берүү» сыяктуу темалар менен эл алдында талкуу өткөрдүк. Борбордук Азиянын катышуучуларына эстелик белектери ыйгарылды, ал эми кинофестивалдын Шорт-баракчасына илинген иштердин авторлору – Алтынай Таалайбек кызы жана Алина Кошматова Болливудга барып, Индиядагы өтө турган балдар кино фестивалына жюри катары чакыруу алышты.
  • 15 апрель 2019 ж. биздин үч окуучубуз Ilim TechLab менен биргеликте эл аралык INFOMATRIX 2019 аталышындагы роботехника боюнча эл аралык турнирде Алматыны багындыруу үчүн жөнөп кетишти. Биздин каармандар турнирдин жыйынтыктыгы менен, ар түрдүү категория боюнча, дүйнө жүзүндөгү 30 өлкөнүн ичинен, 400 ден жогору студентти артка калтырып, 3 орунду ээлеп келишти: Назаров Нур 5 «Б», Кадыров Элмырза 4 «В» жана Муктаров Арсен 6 «Б».
  • «Планетанын тазалыгы сенден башталат» – ушундай ураан алдында 2019 ж. 26нан 30 майына чейин Ханты-Мансы шаарында «Бир планета - бир келечек!» ЮНЕСКО ассоциацияланган мектептердин эл аралык жаштар экологиялык онунчу форуму «Илим» ББКсынын катышуусу менен өттү.
  • 2019 ж. 18-19 июнунда «Парк отелинде» ЮНЕСКО долбоорунун алкагында «Борбордук Азиядагы билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн формалдуу жана формалдуу эмес билим берүү аркылуу материалдык эмес жана маданий мурас демилгелери» темасында конференция болуп өттү. «Илим» ББКсы «Билим берүүдөгү ЮНЕСКОнун материалдык эмес, маданий мурасты талдоо тажрыйбасы» боюнча доклад жасап чыкты. Ушундай иш-чараларга катышуу мүмкүнчүлүгүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Байланыш

  • Кыргызстан, Бишкек ш.,
    Токтоналиев көч. 6 – Б
  • +996 (770) 33-03-23
  • +996 (312) 54-13-79 - Мүдүрдүн кабылдамасы

    +996 (312) 54-56-87, +996 (708) 330 323 - «Кардарлар менен иштөө» бөлүмү

    +996 (312) 54-56-88, +996 (500) 330 356 - Эсеп-кысап жайы

    +996 (700) 926 203 -  «Психологикалык колдоо борбор» бөлүмү

  • Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
  • 8:00 - 17:00 чейин
    (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары)