Чынгыз Айтматовдун элесине арналат
12 декабрда 1928 жылы дүйнөлүк деңгээлдеги улуу кыргыз жазуучусу - Чынгыз Айтматов туулган.
Ал дүйнөлүк адабияттын эң таанымал, абдан белгилуу классиктеринин бири болуп калды, жана анын чыгармалары азыркы күнгө чейин абдан жогору бааланат.
Ушул күнгө карата көптөгөн иш-чаралар белгиленген, жана анын ичинде биздин окуу-тарбия комплексинде да иш-чаралар өткөрүлөт!
«Илимде» кыргыз тилиндеги ачык сабактар өтүп, биздин окуучулардын улуу жазуучунун чыгармаларына арналган сүрөт көргөзмөсү да уюштурулууда.