Информатика бала бакчада
Азыркы заманда компютерди пайдалануу, ошондой эле тигил же бул программаларды билүү мүмкүнчүлүгү абдан маанилүү болуп саналат. Ошондуктан, «Илимде» информатика бала бакчадан баштап окутулуп жатат.
Наристе курактагы балдар компьютерге кирүү түзүлүштөрү: чычкан (мышка) жана тергич (клавиатура) менен иштөө ыкмаларын үйрөнүүп жатышат. Ошондой эле Paint графикалык редакторунун жабдыктарын өздөштүрүшүп, аны сүрөттөрдү түзүү, геометриялык фигуралардан объекттерди конструкциялоодо пайдаланышып, сандардын жана тамгалардын топтомун өздөштүрүү үчүн колдонушат.
Видеосюжеттерди көрүү мезгилинде балдар буюмдардын курамына, формасына, санына, иштөө принциптерине кызыгуу менен көңүл бурушат жана андан кийин өзүлөрүнүн сүрөттөрүн түзүшөт.
Информатика сабагы балдарга кенен ой жүгүртүүсун жана чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө жардам берет. Биринчи класска келээри менен, илимдин окуучулары компьютер менен өз алдынча иштөө үчүн мүмкүнчулук ала алышат, берилген тема боюнча маалыматтарды издеп, сүрөттөрдү, графикалык чийүүлөрдү жана таблицаларды пайдаланып, талдап жана баяндоого үйрөнүшөт.