Боорукерлик акциясы
Бүгүн биздин эң жакшынакай кыздарыбыз кыргыз тилинин окутуучусу Эльмира Асанбаевна Саркулова жана мектептик парламенттин президенти Айгерим Сарбагишева Ош шаарына боорукерлик акциясын өткөрүү үчүн учуп кетишти.
Алар «Илим-Ош» ББК өкүлдөрү менен кайрымдуулук мектеп жарманкелеринде чогулган каражаттарды бириктиришип жетим жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бут кийим жана жылуу кийимдерди сатып алышкан.
Эртең бул жаңы кийимдердин баары өз кожоюндарын таба турган жолугушуу өтөткөрүлөт!