ЮНЕСКОдогу 40 башкы конференция
Биздин лидерлер, башкы директор Гайша Жусупбековна жана аткаруучу директор Гүлжамал Эсеналиева азыр Парижде өтүп жаткан ЮНЕСКОнун кыркынчы башкы конференциясында жүрүшөт. Башкы конференция эки жылда бир чогулат жана ага «Илим» билим берүү комплекси ЮНЕСКОнун коомдук бирикмеси катарында катышты.
Гайша Жусупбековна биз менен конференцияда болгон нерселер туурасында өзүнүн ою менен бөлүштү: «ЮНЕСКОнун Париждеги башкы конференциясы мамлекеттердин башчыларынын катышуусунда өтүп жатат. Мамлекеттердин башчыларынын жаштардын ортосундагы билим берүү тармагындагы маселелер тууралуу талкуусу, бүткүл дүйнө бирдей маселелер менен алек болуп жаткандыгын айтып турду. Жасалма интеллект көптөгөн маселелерди чечип жатканда, интернет болсо адамдардын маалымат алуу муктаждыгына жолтоо болуп жаткан учурда жаш муундарды эмнеге үйрөтө жана окута алабыз деген окшош суроого жооп таба албай жатышты. Бардыгы мындай бирдей бүтүмгө келишти - адам күн сайын Адам болуп жашоосу керек! Ар тараптуулукка иш билгиликти,билгичтикти иштин көзүн билүүчүлүктү шайкештирип, маалымат агымынан калып калбай, сынчыл ойломду калыптандыруу керек болуп турат. Бирок бул мугалимдердин жумушун кыйла татаалдантып жиберди. Дагы бир башкы маселе - жасалма интеллекттин ал адамдын кызыкчылыгы үчүн иштеши үчүн, анын этикалык нормаларын кантип аныктоо керек? Эгерде жасалма интеллект өзү чечимдерди кабыл ала баштаса, анда планетадагы адамдардын кызыкчылыгы жабыр тартып, эл аралык кызматташуунун зарылдыгы жоголот!».