Логопеддик сабактар
«Илим» билим берүү комплексинде 3 логопед иштейт. Бул дикциясында жана сүйлөөсүндө проблемасы бар бала бакчанын тарбиялануучуларына, мектеп окуучуларына чоң жардамын тийгизүүдө. Мындай сабактар тайпаларда жана жекече өткөрүлөт.
Бала бакчанын топторунда да адистер бөбөктөр менен туура сүйлөө, тыбыштарды туура айтуу боюнча иш алып барышат. Кепти өстүрүү баланын калыптануусунда өтө негиздүү роль ойнойт. Беш жашка чейин тыбыштар өзүнөн өзү калыптанат. Эгер 5 жашында бала «Р» тамгасын айта албаса, анда булл маселени бир гана логопед чечет.
Бардык бөбөктөргө биздин логопед тилди жатыктыруучу көнүгүүлөрдү сунуштайт. Мисалы, тилин мурдунун учуна чейин жеткирүүсү - балдардын бирден-бир оңой көнүгүүлөрүнүн бири.