«Мугалим - Өлкөнун Улуттук мүлкү!» форуму
Окуу жылынын башында ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясынын, Кыргызстандын Ассоциацияланган ЮНЕСКО мектептеринин тармагынын, «билим берүү мекемелеринин бирикмесинин» Ассоциациясынын, «Сорос-Кыргызстан» фондусунун көмөктөшүүсү менен социалдык тармактар аркылуу Эл аралык Мугалимдер күнүнө арналган «Менин жашоомдун Мугалими» аттуу эң мыкты пикирлердин марафону башталды.
Бул акциянын жыйынтыгы боюнча, 8 октябрда «Мугалим - Өлкөнүн Улуттук мүлкү!» аттуу улуттук форум өттү. Ага мектеп директорлору, окуучулар жана студенттер катышышты.
Бул улуттук форум мугалимдин кадырын, даражасын көтөрүүгө, көркүн ачуууга, коомчулуктун көңүлүн буру үчүн өткөрүлдү!
Биздин генералдык директор Гайша Жусупбековна бул форумга спикер катарында катышты. Анткени «Илим» билим берүү комплекси ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы ассоциацияланган мектеби болуп саналат эмеспи.