Таза абадагы шахмат
Ушинтип биздин жаш илимчилер шахматты, таза абада көңүлдүү ойноп жатышат!
Шахмат ойноо кругозорду кеңейтет, ойлонуу, көңүл буру, эске тутуу, салыштыруу, жалпылоо, өзүнүн иш-аракетинин жыйынтыгын алдын-ала көрө билүүгө үйрөтөт.
Ойлоп табуучулукту жана логикалык аң-сезимди өстүрөт. Балада өзүн-өзү кармоо, күчтүү эрк, бир нерсе менен алек болуу, жыйнактуулук калыптанат. Ал өзүн-өзү талдап, өз алдынча чечим чыгарганды, кыйынчылыкта чөгүп кетпегенди уттуруп жибергенде үйрөнөт. Ошон үчүн биз шахмат оюнуна сабакка көңүл койгондой эле карайбыз.