Мамлекеттик тил күнү
Бүгүн Кыргызстанда – Малекеттик тил күнү! Бул статус ага 30 жыл мурун ыйгарылган, ошондуктан биз бул майрамды жыл сайын чын дилибизден белгилейбиз.
Ошол себептүү «Илимде» музыканын коштоосунда таң эрте «Каалоо-тилек дарагына» ар бир тарбиялануучунун жакшы сөздөрдү өзүбүздүн өлкөбүзгө жана эне тилибизге арнап жазуусу менен башталды!
Мамлекеттик тилге арналган саамалык илимчилердин кыргыз тилин даңазалаган ырларды көркөм окуусу жана бий номерлерин көрсөтүүсүнүн коштоосунда салтанаттуу линейка менен ачылды! Ошондой эле биз «Мөлтүр» элдик группасын чакырганбыз. Балдар кыргыз элдик күүлөрүн, ырларын инструменттердин коштоосунда ушунчалык чебер аткарганына күбө болушту!