Көчмө мектептеги үчүнчү күн
Кечээ, кызыктуу квесттен өтүп, илимчилердин командалары сырдуу кодду табышты. Ал 4 сандан турган Марска баруучу кораблди жасоочу инструкциянын ачкычы. Бул коддун жардамы менен балдар ноутбукту ачышты. Анда Марс манипуляторунун курулушунун инструкциясы катылган.
Ар бир группа манипуляторду долбоорлогон. Курулуш – Марска баруучу кораблди жасоодон башталды! Бул LEGO жана робот техникасы боюнча кызыктуу тажрыйба болду. Балдарга бул иште бардык сабактар керекке жарады: география, тарых, химия, физика, математика. Марста жүрүүчү кораблдин курулуш процессинде илимчилер сабактарда алган бардык билимдерин колдонушту. Бардык командалар бул оор тапшырмаларды аткара алышты. Бул жеңиштери менен балдарды куттуктайбыз!