Көчмө мектептеги биринчи күн
Бүгүн биздин көчмө мектептин сабактарынын биринчи күнү. Бул жылы биз «Марсты багындыруу» аттуу теманы тандап алдык. Биздин илимчилер тайпаларга бөлүнүп алышып Марсты багындырганга жөнөштү. Тайпалар Марста жашоого мүмкүнбү, бул кызыл планетадан эмнени өзүбүз менен ала кетебиз деп ойлонуп жатышты.
Бул көчмө мектеп идеясы көп жылдан бери «Илимдеги» билим берүү процессинин ажырагыс бир бөлүгү болуп келе жатат. Бул жаңы келген окуучуларга жана мугалимге жамаатка оңой аралашып кетүүгө көмөктөшүүчү атайын «аянтча» болуп эсептелет. Окуу жылынын башындагы эң мыкты старт болуп саналат. Бул жылы 2 сентябрдан 6 сентябрга чейин көчмө мектеп «Акун» пансионатында өткөрүлмөкчү. Өзгөчө уюштурулган сабактардын жана эс алуунун айкалышы-бул биздин – минген тулпарыбыздай. Күндүн бир бөлүгүндө балдарга жаңы материалдарга бай интерактивдуу сабактар өтүлсө, экинчи жарымында аларды мелдештер жана эс алуу күтөт.