Коопсуздук кызматы
«Илим» билим берүү комплексинин территориясында коопсуздук кызматы иштейт. Коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Каныбек Ырысбаевич Исаков балдардын коопсуздугуна кандай кам көрөрү туурасында буларды айтты:
«Биз балдардын, кызматкерлердин жана коноктордун коопсуздугу үчүн жооп беребиз. О.э. мектептин бардык территориясында, кире беришинен төрүнө чейин коопсуздук видеокамералары орнотулган. Көчмө мектептер болгондо, биз сөзсүз балдар менен барабыз жана алардын коопсуздугун камсыз кылабыз. Биздин милдетибиз-Илимчилерге болгон зордук-зомбулук,тоноочулук кол салуу, же террористтик конфликт болобу, анын болуп кетүү коркунучунан сактоо, жардам берүү болуп эсептелет.»