Мектепке кабыл алып жатабыз

image_01

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2020-2021 окуу жылынын биринчи чейреги онлайн режиминде өтөт.

«Илим» билим берүү комплексинде өткөн окуу жылы дистанттык режимде ийгиликтүү аяктаган.

Көптөн бери жүргүзүлүп келе жаткан иштердин жана өнүгүүлөрдүн аркасында жаңы форматка техникалык жана психологиялык жактан даяр болдук. Өзгөчө кырдаал убагында, апрель жана май айларында баалуу тажрыйба топтодук.

Биздин өздүк платформасы иштелип чыгып, ар бир мугалимге керектүү шаймандар берилип, онлайн режиминде инновациялык технологияларды киргизүү жаатында квалификациясын жогорулатуу курстарынан өттү.

Карантин мезгилинде биздин балдар мектеп программасын ийгиликтүү өздөштүрүп гана тим болбостон, долбоордук иш-чараларга дагы катышышты.

Биз 2020-2021 жылдарга балдарды кабыл алуу менен бирге татыктуу билим алууга жана ар бир окуучуга жекече мамиле кылууга кепилдик беребиз.

Окутуу салттуу режимде өтүшү мүмкүн болгон биринчи класстардын окуучулары үчүн тынчсыздануунун кажети жок. Кең класстар, залдар жана коридорлору бар болгон мектеп керектүү социалдык аралыкты камсыз кылат.

Ошондой эле, окуучулардын ортосундагы талап кылынган аралык мектеп боюнча коюлган атайын белгилер менен камсыздалат. Бири-биринен кыска аралыкта илинип турган тазалоочу каражаттар (санитайзер) менен окуучулар колдорун байма-бай тазалоого мүмкүнчүлүк алышат. Кире бериште температураны өлчөп жана антисептик менен колду дарылоочу атайын кирүү тутуму уюштурулган, ал бардык келгендер үчүн милдеттүү болуп саналат.

Маанилүү маалымат: онлайн жана оффлайн режиминде окууту акысы ар кандай болот.

Сиздин телефон чалууларыңызды күтүп жатабыз. Бардык маселелер боюнча кеңеш берүүгө кубанычтабыз:
+996 700 975 852
+996 770 330 323

«Илимге» кош келиңиз!

Instagram биздин жаңылыктар жѳнүндѳ маалымат алып тургула

Байланыш

  • Кыргызстан, Бишкек ш.,
    Токтоналиев көч. 6 – Б
  • +996 (770) 33-03-23
  • +996 (312) 54-13-79 - Мүдүрдүн кабылдамасы

    +996 (312) 54-56-87, +996 (708) 330 323 - «Кардарлар менен иштөө» бөлүмү

    +996 (312) 54-56-88, +996 (500) 330 356 - Эсеп-кысап жайы

    +996 (700) 926 203 -  «Психологикалык колдоо борбор» бөлүмү

  • Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
  • 8:00 - 17:00 чейин
    (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары)