Биз сиздер менен сыймактанабыз!

Биз бир нече муундагы балдарды жакшылыкка, боорукердикке жана адилеттүүлүккө үйрөттүк жана үйрөтүп жатабыз. Мындай иштин жыйынтыгын көрүүгө кез келди. Биздин бүтүрүүчүлөрүбүз, жаш мугалимдерибиз жана студенттерибиз бүгүн катардагы кыргызстандыктардын кыйынчылыктарына каршы күрөшүүдө алдыңкы сапта турушат!

«Биз болбосок, анда ким!» – деп кызыл зонага кирип, өз алдынча дары-дармектерди жана жеке коргонуу каражаттарын жеткирүүнү уюштурушту. Алар тамак-аш алып келишип, «жылуу сөз жан эргитет» - дегендей жөнөкөй сөз, жылуу мамиле менен дагы колдоо көрсөтүштү. Алар ден-соолугун, убактысын жана күчүн аяшпады. Алар бул жөнүндө кыйкырышып жарыялашкан жок, бирок биз алардын жасаган иштерин билип, көрүшүбүз керек эле, алар бардыгын текке кетпегенин билүүлөрү зарыл болчу!

Бул чыныгы жашоодогу «Илимдин» принциптери.

Биздин бүтүрүүчүлөрүбүзгө жана мугалимдерибизге: Артур Ахметчин, Виктория Боршева, Байкал Малдыбаев, Камил Атыканов, Данияр Туресбеков, Сарвар Абдуллаев, 5 «А» классынын окуучусу Туракулова Ажара жана анын эжеси Сезимге рахмат. «Илимдин» туусун бийик жана сыймык менен көтөргөнүңүздөр үчүн чоң рахмат!

Instagram биздин жаңылыктар жѳнүндѳ маалымат алып тургула

Байланыш

  • Кыргызстан, Бишкек ш.,
    Токтоналиев көч. 6 – Б
  • +996 (770) 33-03-23
  • +996 (312) 54-13-79 - Мүдүрдүн кабылдамасы

    +996 (312) 54-56-87, +996 (708) 330 323 - «Кардарлар менен иштөө» бөлүмү

    +996 (312) 54-56-88, +996 (500) 330 356 - Эсеп-кысап жайы

    +996 (700) 926 203 -  «Психологикалык колдоо борбор» бөлүмү

  • Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
  • 8:00 - 17:00 чейин
    (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары)