«Илимдеги» дистанттык билим берүү
«Илимдин» окуучуларына жана мугалимдерине укмуштуудай кызыктуу тажрыйба алуу күтүлүп жатат. Карантин учуруна биз онлайн - окутууга өтүп жатабыз. Бул иш чара окуучулардын өтө баалуу болгон жумалык окуу убактысын текке кетирбей, мектеп программасын өз убагында бүтурүү максатында жасалууда.
Өткөн дуйшөмбудөн тарта мугалимдердин күчү менен видео сабактар даярдалды жана бул иш дистанттык. окутууга моралдык жактан даярдык көрүү болуп эсептелди.
Кабыл алынган иш аракеттер жана алардын маанилүүлүгү жөнундө «Илим» ББК нын генералдык деректири Ибрагимова Гайша Джусупбековна өз интервьюсунда айтып берди.