Менчик онлайн-платформа
Эн жакшы жаңылык! Биздин билим берүү комплексибиздин эми өзүнүн менчик онлайн – платформасы бар.
Азыркы учурда биздин техникалык колдоо кызматыбыз сыноо иштерин өткөрүүдө, азыркы көрсөткүчтөрү эн жакшы. Платформа видео конференцияларды, сабактарды жана вебинарларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Алдын ала божомолдоо боюнча, биз бир эле учурда 300го жакын окуучуларды камтууга мүмкүнчүлүк алабыз.
Белгилеп кетүүчү нерсе, толук кандуу онлайн - билим берүү иштерине даярдыктар кийинки 2 жыл ичинде өткөрүлүп жүргөн. Ушул себептен, бүгүнкү күнү, биз дистанттык – окутууну жана онлайн - сабактарды өткөрүү үчүн өзүбүздүн менчик платформабызды киргизүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар. Платформанын жетишкендиктери азыркы учурда чектелүү гана, бирок, биз анын үстүнөн жаңылануу иштерин алып барабыз.
Дистанттык окутуунун толук болушу үчүн биз бардык мугалимдерди жеткиликтүү интернети бар корпоративдик модемдер жана ноутбуктар менен камсыз кылдык. Жыйынтыгы - өткөн жуманы биз жемиштүү өткөрдүк, эбегейсиз чоң тажрыйба топтодук жана өзүбүздө тынчтануу жана ишенимдүү сезим пайда болду.
Алга, жаны жетишкендиктерге карай!