Эл аралык толеранттуулук күнү
ЮНЕСКОнун алдындагы ассоциацияланган мектептеринин катарына кирген «Илим» билим берүү комплексибизде Эл аралык толеранттуулук күнүнө арналган Толеранттуулук жумалыгы өтөт.
Мектебибиздин атынан демилгелүү жаштар тобу окучууларыбыздын «ТОЛЕРАНТТУУЛУГУ» чеберчилигин калыптандыруу үчүн кызыктуу программасын даярдашты. Ошондой эле бүгүн биздин мугалимдерибиз, окучууларыбыз жана LingoBridge командасынын катышуучулары «Эл аралык толеранттуулук күнү» аттуу ЮНЕСКОнун конференциясына катышышты.
Мындай конференциялар дүйнөнүн ар өлкөсүнөн келген жаштарды маданий ар түрдүүлүктү, сөз эркиндигин, маданияттар аралык диалогду, тынчтык, адилеттүү жана инклюзивдүү коомдорду куруу үчүн толеранттуулуктун жана адам укуктарынын негизги принциптерин жайылтууга жардам берет.
Ушундай коомдорду чогуу түзөлү!