Илим мектебинин бүтүрүүчүлөрүнүн жетишкендиктери

image 01

Илим мектебинин ийгиликтүү бүтүрүүчүлөрү тууралуу макалалардын уландысы:

Эмгекчил Олег Ясенов, Илим билим берүү комплексинин жана БААУнун бүтүрүүчүсү, Кыргызстандагы эл аралык ири компаниялардын бири болгон Reemtsmaдан таасирдүү эмгек жолун баштаган.

Чындыгында, бизге академиялык билим берүүчү мектепке караганда, Илим мектеби мага жана классташтарым үчүн алда канча көп нерсе тартуулады десем жаңылышпаймын. Ошол куракта өмүрүбүздүн эбегейсиз бөлүгүн Илимдин ичинде өткөрчүбүз. Биздин бош убактыбызды толугу менен кызыктуу, бизди алдыга тарткан, лидерлик сапаттарды өрчүткөн кошумча чөйрөлөрдү түзүү үчүн бүт шарттар түзүлгөнүн эми сезип жатам.

Сабактан кийин дароо эле үйгө кетчү эмеспиз. Досторумдун көпчүлүгү да ушинтип, сабактар бүткөнүнө карабастан үйлөрүнө кетишпей жүрө беришчү. Биз Идим мектебинде дос болууну үйрөндүк, биз үчүн жагымдуу коом түзүү керектигин билдик, дал ушундай чөйрөөдө өсүү жана жетилгенге ыңгайлуу болор экенин сездик. Мен өзүм тапкан кээ бир кошумча иштер менен дайыма алек болчумун, алар мугалимдер тарабынан кошумча билим катары сунушталган. Окуучулар лидерликтин эл аралык конференцияларына, мектеп жаштарынын парламенттерине дайыма катышып, ар кандай сынактарды жана таланттардын шоулорун өткөрүп турушчу. Араң эле 8-9 класстын окуучусу экениме карабастан мектепте алгачкы дискотекаларды уюштурчумун. Мени мектептин администрациясы да, жогорку класстын окуучулары ар дайым колдошчу. Бул мага чоң кызыгуу жаратып жана укмуштай мотивация берчү десем болот. «Илим» мектеби ар дайым тырышчак жана аракет кылгандардын тиреги десем эч жаңылышпаймын.

Макаланы толугу менен шилтемени басуу менен окусаңыз болот: https://limon.kg/ru/news:74831

Instagram биздин жаңылыктар жѳнүндѳ маалымат алып тургула

Байланыш

  • Кыргызстан, Бишкек ш.,
    Токтоналиев көч. 6 – Б
  • +996 (770) 33-03-23
  • +996 (312) 54-13-79 - Мүдүрдүн кабылдамасы

    +996 (312) 54-56-87, +996 (708) 330 323 - «Кардарлар менен иштөө» бөлүмү

    +996 (312) 54-56-88, +996 (500) 330 356 - Эсеп-кысап жайы

    +996 (700) 926 203 -  «Психологикалык колдоо борбор» бөлүмү

  • Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
  • 8:00 - 17:00 чейин
    (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары)