ЭКСПО «Илим» 2022
ЭКСПО «Илим» 2022 - тынчтыкка жана өз ара түшүнүшүүгө карай жол!
25-март күнү биздин комплекс жаздын келишин жана Нооруз майрамын адаттан тыш майрамдады.
Бул күн кызыктуу, достук, ачык түстөр жана эмоциялар менен коштолду.
Ар бир улуттун, ар бир инсандын, оригиналдуулугуна, өзгөчөлүгүнө да токтолдук.
Жогорку класстын окуучулары бала бакчадан жана башталгыч мектептен келген конокторун жылуу маанайда тосуп алышты. Аларды Нооруз майрамын белгилеген өлкөлөр менен тааныштырып, маданияты, каада-салттары тууралуу баарлашып, бийлеп, ырдап, таттуулар менен сыйлаганга да үлгүрүп жатышты.
Кичинекей конокторубуз мектепке келип, ушундай жылуу тосуп алганына абдан кубангандарын да жашырышпады!
ЭКСПО 2022 - 18 өлкөнүн бет ачары болду: Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Татарстан, Грузия, Өзбекстан, Тажикстан, Дагестан, Пакистан, Түндүк Индия, Ирак, Иран, Албания, Түркия, Македония, Түркмөнстан, Афганистан, Кытай.
Ар бир коноктун колуна атайын ар бир өлкөнөнүн мөөрүн бастырып алганга маршруттук баракчасы да берилди.