Долбоорлоо жана изилдөө иштери
Долбоорлоо-изилдөө иштери биздин бала бакчабызда да, мектебибизде да эң кызыктуу окутуу ыкмаларынын бири болуп саналат.
Мугалимдердин, тарбиячылардын, ата-энелердин жардамы менен балдарыбыз бир теманы окуп, ар тараптан изилдеп, окуу процессинде жаңы билимге, көндүмгө ээ болушат.
Мисалы: 11-топтун 2021-жылдын ноябрь айынан бери даярдап, театралдаштырылган спектаклди тандап алып, «От дос, от – душман» деген темада изилдөө иштерин сиздердин назарыңыздарга сунуштайбыз.