«Алтын сертификат»
«Илим» билим берүү комплексибиздин жарык жүзү - биздин ийгиликтүү бүтүрүүчүлөрүбүз!
Биз, өз кезегибизде, жаш лидерлерибиз алдыга койгон максаттарына, жаңы бийиктиктерге жетүү үчүн керектүү шарттарды түзүүгө аракет кылып жатабыз.
Сыйлуу «Алтын сертификатты»на ээ болгон биздин бүтүрүүчүбүз Илья Кудряшовго, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өз колу менен салтанаттуу тапшырган аземи менен бөлүшкүбүз келди.
Илья ЖРТ боюнча 224 упай топтоп, өлкөбүздүн каалаган жогорку окуу жайында акысыз окууга мүмкүнчүлүк алган. Бирок биздин бүтүрүүчүбүз Европанын бир нече университеттерине тапшырып, Улуу Британиянын Бирмингем университетин (Трест) тандап алды.
Бүтүрүүчүбүздүн ийгилигине биз абдан сыймыктанабыз жана кубанычтабыз!