Онлайн-конференцияларды өткөрүү мөөнөтү
Достор, «Илим» билим берүү комплекси эртеңки күндөн баштап «Материалдык эмес мурас аркылуу мамлекеттик тилди окутуу» темасындагы конференциялардын кезегиy баштат. Онлайн иш-чаралар Zoom аянтынан өтөт.
- 12 майда, саат 14:00 11 класстардын окуучулары үчүн «Кыргыз элинин материалдык эмес мурастары» деген темада конференция өткөрүлөт.
- 12 майда, саат 15.00 8 класстар менен «Манас-кыргыз элинин руханий мурасы» деген темада талкуу жүргүзүшөт. Процессти жетектейт мугалим Б.К. Дуйшеева.
- 13 майда саат 14.00до Э.Б. Мансатова менен бирге 9 класстын окуучулары «Кыргыз элинин улуттук кийими» темасын талкуулашат.
- 13 майда, саат 15.00 6 класстар үчүн «Улуттук оюулардын мааниси» темасында конференция уюштурулат. Окутуучу: Курманова Т.А.
- 14 майда, саат 14.00. 3 класстар төмөндөгүдөй темаларда: «Кыргыз элинин музыкалык аспаптары» Н.А. Эрмекбаеванын жетекчилиги астында өткөрүлөт.
Жемиштүү окуу күндөрү жана жаңы билим каалайбыз!