Ата-энелер үчүн психологиялык тренинг
"Илим" билим берүү комплексибизде "Анименин өспүрүмдүн психикасына берип аткан таасири" аттуу темада окучууларыбыздын ата-энелерине арналган психологиялык тренинг өткөрүлдү. Биз, балдарга өздөрүн табууга жана улуу муун менен болгон мамилелердеги эмоционалдык "боштондукту" жок кылууга жардам беришибиз керек. Биздин негизги милдеттерибиздин бири – балдар менен туура сүйлөшүү жана балдардын айлана тегерегинде болуп жаткан жагдайларга жеткиликтүү баа берүү.
Бүгүнкү күнгө чейин, онлайн режиминде билим алуу кырдаалы көптөгөн көйгөйлөрдү курчутуп ошол эле убакытта жаңы жагдайларды жаратууда. Балдар, көйгөйлөрү менен жападан жалгыз калып, чыныгы дүйнөнү гаджеттерге алмаштырып, виртуалдык жашоого берилип атышканы татаал жагдай. Көп балдар үчүн, аниме деген көрүнүш негизги жашоо идеяларына айланып баратканы ойлондурбай койбойт. Эгерде бул тенденцияны чоңдор кароосуз калтырса, анда жашоонун бардык аспектилерин тура кабыл кылбай, тескерисинче бурмалап, коомдук баалуулуктардын ордун басууга алып келиши мүмкүн. Зордук-зомбулук көрүнүштөрүн тынбай көрүү, албетте балдарда коркуу сезимин пайда кылып, келечекте ар кандай психологиялык чектөөлөрдү жаратышы ыктымал. Эксперттердин малыматтарына ылайык Интернет платформаларында түзүлгөн коомдоштуктар балдарды манипуляциялоо курал катары колдонушат жана балдарды ата-энелерине каршы коюп, өз жандарын кыюуга түртүшү мүмкүн деп катуу эскертүү берип жатышат.
COVID-19 жөнүндө маалыматтардын алкагындагы көйгөйдүн актуалдуулугунан улам, биздин психологдор өспүрүм куракка (4-класс)кирген балдардын ата-энелери менен жолугушууну өткөзүштү. Тренингде көйгөйлөрдү аныктап, пикир алмашышты. Ошондой эле, ата энелер Интернет аркылуу "Ата-энелик көзөмөлдү" ишке ашыруу боюнча өз сунуштарын жана куралдарын беришти.
Эгер сиз дагы ушундай жагдайга туш болуп атсаўыз, анда биздин психологдордон кеўеш алсаўыздар болот: +996 (550) 823093.