Мектептин тарыхы

«Илим» Билим берүү комплексине
кош келиңиздер!

Бүгүн сиздер жалпы адамзат стандарттары жетектеген, кызыктуу тажрыйбасы мол, көздөгөн максатына жетише алган «Илим» мектебинин алдыңкы жамааты менен тааныша аласыздар. Сиз биздин жамааттын тең укуктуу мүчөсү болгуңуз жана жалпы ишибизге көмөк көрсөткүңүз келсе, анда биздин максаттарыбыз жана талаптарыбыз менен таанышууңуз зарыл. Сиздин жеке ишеничиңиз жана келечекке умтулууңуз биздин максаттарыбыз менен дал келишин, тактоону талап кылат. Ошондой эле «Илимдин» жамааты Сизди өз ишин туура жүрүм-турум стандарттарын колдонуу жетекчилиги алдында жүргүзөрү менен тааныштырууну туура көрөт.

Биз Комплекс менен таанышууну анын мазмунун түшүндүрүү менен баштайбыз. Биздин Комплекстин толук аты - «Илим» Билим берүү комплекси (кыскача «Илим»ББКсы). Түшүндүрмөлүү сөздүк боюнча, «билим берүү - бул үйрөтүү, агартуу, билимин өздөштүрүү процесси». «Комплекc» - латын тилинен complexus – байланыш, бириктирүү, айкалыштыруу дегенди билдирет. «Илим» - түрк тилинен алынган «Илим» деген сөз. Биздин Комплекстин аты иш - аракетибиздин максатын символдоштурат - практикалык максаттарга жетүү үчүн окуу жана алган билимдерин турмушта колдоно билүүнү көздөйт. Биздин максаттардын так аныктамасы төмөнкүдөй:

«Илимдин» философиясы

Жаратылыш ар бир адамга талант берген, а биздин милдет - аны иш жүзүнө максималдуу ашыруу.

«Илимдин» миссиясы

«Педагогдор, ата-энелер жана окуучулардын өнөктөштүгү аркылуу ар биринин ийгилигине, өлкөнүн гүлдөшүнө жетишүү!»

Комплекстин негизги максаты бул инсанды окуп, түшүнүүгө үйрөтүү, колуна аспаптарды берип, өмүр бою окуганга умтулуу, каалоо менен жетишип, «түбөлүктүү ийгиликтүү студент» катары өздөштүргөн материалын концептуалдуу түшүнүү менен турмушта туура колдоно билүүгө үйрөтүү. А чыныгы билим жана көндүмдөр адамга жаңы горизонтторду ачып, өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн туура колдонуу менен өзүн жана башкаларды бактылуу кылууга жардам берет. «Студент» деген сөз «ар дайым окуган» дегенди түшүндүрөт. «Окуу» -бул «билим жана көндүмдөргө ээ болуу, бир нерсеге жетишүү үчүн өзүнүн болгон акыл-эсин колдонуу».

Биздин билим берүүбүздүн жыйынтыгы

жарандык компетенциясы калыптанган жана табигый илимий сабаттуулукка ээ болгон бүтүрүүчү
Жарандык компетенция (бул түшүнүк 1995-ж ББКга киргизилген) – өзүнүн ички билгичтигин (билим, билгич, психологиялык өзгөчөлүк ж.б.) жана тышкы (маалымат, адамдык, материалдык ж.б.) ресурстарын өз максатына жетүү үчүн колдоно билүү.
Бүгүнкү убакта жогоруда көрсөтүлгөн максаттарга жетишүү үчүн биз Кыргызстанда өз алдынча уюмдарды уюштурдук:
  • «Илим» Билим берүү комплекси – 1993 ж.
  • Кайрымдуулук «Инвалид балдарды коргоо фонду» - 1995 ж.
    Максаты: инвалид балдарды окутуу жана аларга жардам берүү.
  • Ош шаарындагы филиалы - «Илим - Ош» Билим берүү комплекси - 1996 ж.
    Максаты: окутуу жана тарбиялоо.
  • «Билим берүү мекемелеринин шериктештиги» өнөктөштүгү – 1999 ж.
    Максаты: мектептердин кызыкчылыгын укуктук жактан коргоо, КРнын билим берүү мекемелери үчүн билим берүү тармагынын жаңы формаларын, түзүлүштөрүн издөө жана иш жүзүнө ашыруу, семинар, тренингдерди уюштуруу ж.б.
  • 2006 жылдын февраль айында «Илим» Билим берүү комплекси «Билим берүү процессинин мыкты жыйынтык мониторинги» көйгөйү боюнча КРнын Билим берүү жана илим Министрлигинин эксперименталдык-тажрыйба аянтчасы статусуна татыктуу болгон.

Байланыш

  • Кыргызстан, Бишкек ш.,
    Токтоналиев көч. 6 – Б
  • +996 (770) 33-03-23
  • +996 (312) 54-13-79 - Мүдүрдүн кабылдамасы

    +996 (312) 54-56-87, +996 (708) 330 323 - «Кардарлар менен иштөө» бөлүмү

    +996 (312) 54-56-88, +996 (500) 330 356 - Эсеп-кысап жайы

    +996 (700) 926 203 -  «Психологикалык колдоо борбор» бөлүмү

  • Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
  • 8:00 - 17:00 чейин
    (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары)