Мамлекеттик тил күнү

2016 жылдын 23 сентябрында Мамлекеттик тил күнүнө карата Бишкек шаарындагы «Илим» Билим берүү комплексинде төмөнкү максаттарды ичине камтыган иш-чаралар болуп өттү: кыргыз элинин элдик оозеки чыгармаларын, кыргыз тили алкагында балдардын чыгармачылыгын кеңири жайылтуу; жекече жана жалпы курамда иштөөнү өстүрүү.

Улуттук бий, оюндар, улуттук аспаптар, макал-лакаптар аркылуу кыргыз тилин тереңдетип үйрөтүү, кызыктыруу.

  • Иш чаранын ардактуу коногу - республикалык «Кыргыз тили» коомунун Президенти Райымжан Курбанов «Илим» билим берүү комплексинин Башкы мүдүрү Ибрагимова Гайша Джусупбековнага өсүп келе жаткан жаш муундар арасында кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Ардактуу грамота тапшырды.
  • Келген меймандар - Айдай Сабитова мукамдуу комуз үнү менен коштогон чыгармаларын аткарса, «Ырдайлы кыргыз ырларын» теле-берүүсүнөн түрк жана орус улутундагы коноктор кыргызча ырларды балдарга тартуулашты.
  • Окуучулар кыргыз улуттук каада-салттар - «Бешикке салуу», «Тушоо кесүү», «Келин алуу», «Кыз узатуу», «Сөйкө салуу», «Сүйүнчү», «Сармерден» оюндарын театрлаштырып көрсөтүү менен кыргызча ырлар , бийлер, макал-лакаптар, жомоктор менен коштоп тартуулашты. Айрыкча орус тилдүү 1 класстын окуучуларынын «Манас» айтуусу баарын кубандырды. Алып баруучулар: 7-Б классынын окуучулары Мурзаков Нурсултан менен Асаналиева Айдана.