Кагаз барактарынын шыбырашы
Кагаз барактарынын шыбышы – биздин мектептеги ата-энелердин демилгеси менен иштеп баштаган долбоор. Долбоор жаңы форматтагы ата-энелер чогулушутарын өткөрүү – mastermind учурунда ата-энелер өздөрү сунуштап жана анын негизги максаты бардык окуучуларыбызды китеп окууганга үндө болду.
Китеп окуу – балдарга укмуштуу окуялардын чексиз дүйнөсүнө баш бактырып, баланын ой жүгүртүүсүн жана фантазиясын өнүктүрүүгө жардам берген эң натыйжалуу өнүктүрүү куралдарынын бири.
Ар жума күнү саат 15:00дө биздин комплексте мугалимдер, администрация жана техникалык кызматкерлер китеп окууга тартылышат. Китеп дүйнөсүнө кирүүнүн убактысы 15 мүнөт. Бул аралыкта бардык катышуучулар өздөрүнө жаккан китепти окушат.
Долбоор ноябрь айында башталган жана биздин жакшы салтыбызга айланып калды!
Бул көз ирмемдерди балдар чыдамсыздык менен күтүп, китеп талашып чуркагандарын көрүү кандай керемет!