«Илим-Ош» Билим берүү комплекси шаардын борборунан бир топ узак, Түштүк-Чыгыш кичи районунда жайгашкан. Мектеп жүрүүчү жолдон алыс тургандыктан, балдардын коопсуздугу да сакталат.
«Илим-Ош» Билим берүү комплекси 1996 жылдын 9 сентябрында өзүнө бала-бакча, башталгыч, орто жана жогорку мектепти камтыган мамлекетттик эмес билим берүү мекемеси катары ачылган. Комплекстин өзүнүн гимн, желек, Устав жана лицензиясы бар.
«Илим-Ош» Билим берүү комплексинин түзүүчүлөрү Бишкек шаарындагы «Илим» ББКсынын башкы мүдүрү, «Билим берүү мекемелеринин Уюму» өнөктөштүгүнүн президенти Ибрагимова Гайша Джусупбековна жана Бишкек шаарындагы «Илим» ББКсынын мүдурү Есеналиева Гульджамал Джусупбековна.
+996 (312) 54-13-79 - Мүдүрдүн кабылдамасы
+996 (312) 54-56-87, +996 (708) 330 323 - «Кардарлар менен иштөө» бөлүмү
+996 (312) 54-56-88, +996 (500) 330 356 - Эсеп-кысап жайы
+996 (700) 926 203 - «Психологикалык колдоо борбор» бөлүмү