Ойноп, оку

Мектепке чейинки жаш куракта ар түрдүү кызыктуу сабактардын негизги бири- бул оюн ойноо.

ОЮН - бул:

  • Кубаныч жана шаттык
  • Баарлашуу түрү
  • Эркиндик иммунитети
  • Турмуштук чындык
  • Өнүгүү үчүн ар түрдүү жол
  • Өзүн-өзү көрсөтүү үчүн жөнөкөй аракет.

Оюн баланы инсан катары жалпы өнүктүрөт.
Балдар эмне кылып жатышса да, оюн түрүндө кабыл алышат.

Оюн - бул баланын эмне кааласа, ошону жасай турган жашыруун дүйнөсү.

Оюн - бала үчүн өзүн көрсөтүү жана өзүн таанытуу каражаты.

Оюн учурунда ал эмне кааласа, ошону жасай алат.

Оюнда АЛ ӨЗҮН КАНДАЙ КӨРҮҮНҮ КААЛАСА, ОШОНДОЙ БОЛО АЛАТ: Саякатчы жана Космонавт, Күлчү жана Ханыша, Шрек жана Жөргөмүш-Адам.

Оюн эмоционалдык бейпилдикти түзүп, өзүнүн умтулууларынын аткарылышын, чоң адамдардай кыймылдоо, өзүн чоңдордой сезүүнү камсыз кылат. Оюн- бир гана көңүл ачуу эмес, бул элестетүүнүн жана сүрөттүү аң-сезимдин өнүгүшү.

Ар түрдүү ролдорду ойноо, адамдардын кылык-жоруктарын жаратуу аркылуу, бала адептүүлүктүн башталышы менен таанышып, бири-бирин түшүнүүчүлүк тажрыйбасына ээ боло баштайт.

БАЛАЛЫК КЕЗИНДЕ ОЙНОБОЙ КАЛГАН БАЛАГА, БАШКА БАЛДАР МЕНЕН МАМИЛЕ ТҮЗҮҮ КЫЙЫНЧЫЛЫК ЖАРАТАТ

БИЗДИН МИЛДЕТ, ТАҢУУЛАБАСТАН, ОЮН УЮШТУРУУ, АНЫ КЕРЕКТҮҮ АТРИБУТТАР МЕНЕН КАМСЫЗДОО

Оюн өнүгүүнүн генератору болуп калышы үчүн, биз шарттарды түзөбүз:

  • оюн аймактары,
  • оюн атрибуттары, оюнчуктар, оюнчуктун ордун басуучуларын,
  • көрсөтмө куралдар.

Биз силерге ишибизди жактап, көрсөтүп берип жатып, оюн- бала үчүн бош убактысын бекер өткөрүү гана эмес, ал анын өнүгүшүнүн, толук баалуу инсан болуп калыптанышынын каражаты болот, деп айткыбыз келет.

Эгерде, кечинде балаңызды алып жатып: «Бакчада эмне кылдың?» -деген сурооңузга: «Ойнодум!»- деген жооп алсаңыз, демек, бул күн ал үчүн бекер кетпептир!

Балдарыңыздар менен бат-бат ойноп туруңуздар!

Байланыш

  • Кыргызстан, Бишкек ш.,
    Токтоналиев көч. 6 – Б
  • +996 (770) 33-03-23
  • +996 (312) 54-13-79 - Мүдүрдүн кабылдамасы

    +996 (312) 54-56-87, +996 (708) 330 323 - «Кардарлар менен иштөө» бөлүмү

    +996 (312) 54-56-88, +996 (500) 330 356 - Эсеп-кысап жайы

    +996 (700) 926 203 -  «Психологикалык колдоо борбор» бөлүмү

  • Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
  • 8:00 - 17:00 чейин
    (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары)