Жүрүш-туруш эрежелери «Илим» ББКсынын мектеп парламенти тарабынан иштелип чыккан
«Илим» ББКсынын философиясы: Жашоо ар бир адамга талант берген, а биздин милдет - аны иш жүзүнө максималдуу ашыруу.
«Илим» Билим берүү комплексинин жамаатынын «Илим» Билим берүү комплексинин окуучулары менен кызматташтыгы анын компетенттүүлүгүндө.
Окуучу милдеттүү:
1. Интеллектуалдуу потенциалын максималдуу өстүрүүгө.
2. Өз көндүмдөрүн жана билгичтигин калыптандыруу, б.а өзүн – өзү түшүнүү:
- өзүн ишмердүүлүккө уюштура билүү;
- чечимдерди кабыл ала билүү;
- кабыл алган чечимдердин;
- алардын жыйынтыктарынын жоопкерчилигин алуу;
- жамаат менен жана жекече иштөөнү билүү;
- өздүк инсандык өсүү программасын түзө билүү;
- өз билимин өркүндөтүү программасын ишке ашыруу;
- аналитикалык аң-сезимдин көндүмдөрүнө ээ болуу;
- керектүү маалыматты издөө жана колдоно билүү;
- үйрөнө билүү;
- ойлоно билүү;
- кызматташа алуу;
- ишти баштоо жана бүтүрүүгө үйрөнүү;
3. Берилген максаттарга жетишүү үчүн окуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- «Илим» Билим берүү комплексинде окуу үчүн өз алдынча чечим кабыл алуу;
- «Илим» Билим берүү комплексинде окуу чечимин кабыл алгандан кийин, өз билими жөнүндө жоопкерчиликти толугу менен мойнуна алуу;
- Жогорудагы эки пунктту аткаргандан кийин, окуучу «Илим» ББКсындагы жүрүш-туруш эрежелерине» кол коюу менен аны аткарууга милдеттендирилет.