Урматтуу ата-энелер,
«Илим» Билим берүү комплексине кабыл алуу талаптары менен таанышыңыздар.
Суроолоруңуз болсо 0770330323 телефону аркылуу менеджерибизге кайрылсаңыз болот.
1. Окуучуларды каттоо бөлүмү «Кардар менен иштөө» (214/1 кабинети).
2. Окуучуну алдын - ала тестирлөө үчүн:
- 1 класс – психологиялык тест (500 сом төлөнөт),
- 2 - 11 класс - психологиялык тест, предметтик тест: математика, орус тили, англис тили (1000 сом төлөнөт).
3. «Клиент менен иштөө» бөлүмүнүн адиси алдын - ала тестирлөөнүн жыйынтыгы менен ата-энелерди тааныштырат.
4. Окуучуну кабыл алуу алдын - ала тестирлөөнүн жыйынтыгынын негизинде жүргүзүлөт.
5. Милдеттүү төлөмдөр:
- кирүү взносу,
- 3 жолку тамактануу,
- окутуу.
6. Арзандатуулар:
- Экинчи жана андан кийинки балдары үчүн - 5%
- Окуу жылын «эң жакшы» бүтүргөн окуучулар үчүн - 10% башталгыч мектепте, 15% ортоңку баскычта, 20% жогорку баскычта
- Окуу жылын «эң жакшы» деп бүтүргөн окуучулар баалуу белектер менен сыйланышат.
7. «Илим» ББКсыне кабыл алуу үчүн тиешелүү иш-кагаздары - мектеп, б/бакча:
- Окуучунун өздүк делосу, милдеттүү түрдө ичинде: сүрөт, мектептин мөөрү, баалары, кол коюлушу.
- Баланын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү.
- Ата-энелердин паспортунун көчүрмөсү.
- Керектүү медициналык документтер: эмдөөлөр боюнча № 063 формасы, ден соолугунун абалы жөнүндө № 026 формасы; (бала бакча үчүн - баланын ден соолугу жана балдар тобуна бара ала тургандыгы жөнүндө педиатрдан маалымкаты).
- 10 класстын окуучулары үчүн - 9 классты бүтүргөндүгү тууралуу күбөлүк.
- Эки экземплярдагы ата-энелеринин жана камкордук көрүүчүлөрдүн келишимдери.
- 1-класска жана бала бакчага бара жаткан балдар үчүн 3x4 (1 даана) сүрөтү.
- Чет өлкөлүк окуучулар үчүн - документтердин орус тилиндеги нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу: паспорт, медициналык документтер, эмдөө жөнүндө күбөлүк, өздүк делосу, ата-энеси, камкорчусу жөнүндө маалыматтар.