Ар бир ата-эне өз баласын шайыр, ден соолукта , акылдуу жана физикалык жактан күчтүү көргүсү келет.
Бул максатта бала бакчада сабактардан тышкары балдар медициналык жактан көзөмөлгө алынган.
Негизги максаты: сапаттуу билим берүү менен катар балдардын ден соолугун да сактоо жана чыңдоо.
Биз төмөнкү иш-чараларды өткөрөбүз:
- дене тарбия сабагы;
- эртең мененки машыгуу;
- ачык абада сейилдөө;
- ачык абада өткөрүлчү иш-чаралар;
- ооруп, айыгып келгенден кийин КУФ лампасын колдонуу - физиотерапия;
- айыктыруу - алдын алуу иш-чаралары;
- тар адистерди тартуу менен байкоо жүргүзүү;
- белгилүү убакыттарда антропометриялык байкоо иштерин жүргүзөбүз;
- жаңы келген окуучуларга байкоо иштери;
- ден соолукту чыңдоо иш-чаралары;
- эпидемияга каршы иш-чаралар;
- ичеги – карын, ашказандын ооруларын жана жугуштуу инфекцияны алдын алуу иштери;
- өздүк гигиенаны жана бөлмө ичиндеги гигиенаны сактоо;
- манту эмдөөсүнө карата текшерүү жана алдын-алуу иштери;
- бөлмөлөргө жана жалпы колдонуучу жерлерге күнүмдүк тазалоо иштерин
жүргүзүү.
Ден соолуктун абалы көпчүлүк убакта тамактанууну туура уюштурууга көз каранды.
Туура теңдештирилген тамактануу баланын организминин жалпы туруштук берүүсүн жогорулатат.