СҮЙЛӨӨ КЕБИН ӨНҮКТҮРҮҮГӨ КАРАТА МИЛДЕТТЕР:
- Тыбыш сүйлөө кеп маданиятын жөнгө салуу;
- Сөздүктү күчөтүү, байытуу жана бекемдөө;
- Грамматиканын бүт эрежелери менен сүйлөө кебин жакшыртуу;
- Сүйлөшүү (диалогдук) кебин түзүү;
- Байланыш сүйлөө кебин өнүктүрүү;
- Көркөм сөз өнөрүнө тарбиялоо;
- Сабаттулукка, окууга үйрөнүүгө даярдоо;
БАЛАНЫ КӨРКӨМ СҮЙЛӨӨГӨ ҮЙРӨТҮҮ ҮЧҮН БИЗ ЭМНЕ КЫЛЫШЫБЫЗ КЕРЕК? БИЗ ҮЙРӨТӨБҮЗ:
- Тарбиячыны тыңшоо, угуу жана түшүнүү.
- Сөздөрдү, сүрөттөмөлөрдү кайталоо, тыбыштарды так айтуу.
- Оюнчукту сүрөттөп берүү жана аны менен болгон аракетти көрсөтүү.
- Жомокту, аңгемени угуу жана суроолорго жооп берүү.
- Укканын кайра айтып берүү.
- Ырларды, лакаптарды, табышмактарды, макалдашкан сөздөрдү эстеп калуу.
- Сүрөттөрдү кунт коюп кароо.
- Сүрөт, өз оюнчугу, досу, үй-бүлөсү, өз тажрыйбасы боюнча аңгеме түзүү.
- Илгерки жомокторду жаңы түрдө түзө билүү.
Биз балдарды өз колу менен жасаган буюмдарын түшүнө билүүгө үйрөтөбүз: курганын, тартканын, кескенин, мимика менен көрсөткөнүн, жана мунун баарын сөз менен түшүндүрө алганын.
Логопедде
Туура сүйлөө – бул балдардын ар тараптуу , толук жарамдуу өнүгүшүнүн негизги шарттары жана сабаттулукка карата аракеттин калыптанышы.
- Сүйлөө кеби баланын социалдык компетенциясынын калыптанышына шарт түзөт.
- Сүйлөө кебинин өсүшүнө бул сыяктуу психикалык процесстердин: көңүл буруу, кабыл алуу, эс тутум, аң-сезимдердин денгээлинин калыптанышы өзгөчө маанилүү.
- Логопеддин сабактарында: көңүл буруу, кабыл алуу, эс-тутум, аң-сезимдин операциясы сыяктуу психикалык процесстерди өстүрүүгө багытталган тапшырмалар колдонулат.
- Логопеддердин сабактарындагы маанилүү шарттардын бири балдар аракети үчүн колдонулган оюндар болуп эсептелет. Оюн ыктары өзгөчө эмоциялык абал түзүп, баланын кабыл алуусунун күчөтүлүшүн камсыздайт.