ISO 9001:2015 сапатты башкаруу тутуму

«Илимдин» миссиясы: Мугалимдердин, ата-энелердин жана окуучулардын өнөктөштүгү аркылуу ар бир адамдын ийгилигине, өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүнө карай!

Философиясы: Жаратылыш ар бир адамга таланттарды тартуулады, биздин милдет - аларды максималдуу тырышчаактык менен ишке ашыруу.

Милдеттер:

  1. Адамды окууга үйрөтүү, ага окууга болгон сүйүүсүн жана «өмүр бою ийгиликтүү студент» болуп калуусу үчүн өнүктүрүүчү аспаптарды берип, материалдарды окуп жатканда, турмушта колдоно туруучу толук концептуалдык түшүнүктөрдү, билимди жана көндүмдөрдү билүүгө жетишүү.
  2. Бардык кызыккан тараптардын: окуучулардын, мугалимдердин, уюштуруучулардын, администрациянын, ата-энелердин, коомчулуктун жана өкмөттүн муктаждыктарын канааттандыруу.

Жарыяланган сапатка жетүү үчүн, «Илим» ББК жетекчилиги төмөнкү стратегиялык багыттар боюнча иш алып барууга ниеттенүүдө:

1. Сапат менежменти. ISO 9000 Эл аралык стандарттарына шайкеш келген сапаттарды башкаруу (менежментинин) тутумун киргизүү менен, жетишкендиктерге ички жана тышкы мониторинг жүргүзүү менен билим берүү комплексинин башкаруу тутумун өркүндөтүү.

2. Билим берүү саясаты. Билим берүүнүн сапатынын парадигмасы – окуучулардын жарандык компетенттүүлүгү, билимин, көндүмдөрүн жана компетенттүүлүктү камтыйт.
Окуучулардын компетенттүүлүгү жагынан билим сапатын жогорулатуу жана билим берүү процессине IT технологияларды киргизүү менен билим берүү процессин оптималдаштыруу.
«Өзүн-өзү изилдөө» программасы аркылуу окуучулардын ийгиликтерин камсыз кылуу.

3. Билим берүү чөйрөсү. Эркиндикти өзүнүн жана айланасындагылардын жыргалчылыгы үчүн колдоно алган, өзүнүн иш-аракеттери үчүн жоопкерчиликти түшүнгөн жана кабыл алган, өзүнүн иш-аракеттерине ээ болгон адам калыптанган билим берүү чөйрөсүн түзүү.

4. Материалдык-техникалык жана окуу-методикалык база. «Илим» ББКнин окуучуларынын, мугалимдеринин жана бардык кызматкерлеринин жайлуу жана жемиштүү иштеши үчүн дүйнөлүк тенденцияларга ылайык материалдык-техникалык жана методикалык шарттарды түзүү.

5. Кадр саясаты. «Илимдин» кадрдык саясатынын негизги принциби - бул компетенттүүлүк, жогорку жеке жана корпоративдик этика, окуучулар, кесиптештер, ата-энелер жана тышкы өнөктөштөр болгон өнөктөштөрдү сыйлоо.
«Илимдин» ББК ар бир кызматкери үчүн квалификациясын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берүү.
Ийгиликке жана демилгеге дем берүү принцибине негизделген кызматкерлерди мотивациялоо Саясатын жүргүзүү.

«Илим» ББК жетекчилиги бардык коюлган максаттардын сакталышын камсыз кылууга, билим сапатын башкаруу тутумунун натыйжалуулугун ар дайым өркүндөтүүгө жана жогорулатууга милдеттенет.

Байланыш

  • Кыргызстан, Бишкек ш.,
    Токтоналиев көч. 6 – Б
  • +996 (770) 33-03-23
  • +996 (312) 54-13-79 - Мүдүрдүн кабылдамасы

    +996 (312) 54-56-87, +996 (708) 330 323 - «Кардарлар менен иштөө» бөлүмү

    +996 (312) 54-56-88, +996 (500) 330 356 - Эсеп-кысап жайы

    +996 (700) 926 203 -  «Психологикалык колдоо борбор» бөлүмү

  • Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
  • 8:00 - 17:00 чейин
    (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары)