Урматтуу, кымбаттуу Ольга Михайловна, Татьяна Алексеевна, Виктория Юрьевна!
Чын жүрөктөн Сиздерге биздин үй-бүлөгө кошкон салымдарыңыз, биздин Нуралдын тарбиясы үчүн ыраазычылык билдиргим келди! Силердин биздин балдардын келечеги үчүн кошкон салымыңар, эмгегиңер баа жеткис! Ар күнү биз биздин балдардын интеллектине, руханий өсүшүнө, тапкычтыгына да кошкон ишиңердин жыйынтыгын байкоодобуз. Биздин балдардын мүнөзүндө Силердин боорукердигиңер менен сабырдуулугуңар байкалууда. Силер аларга ата-энелер өз балдарына бере албаган нерселерге үйрөттүңөр. Убакыт билинбей өтүп, жакында биздин балдар мектеп турмушуна өз алдынча биринчи кадамдарын шилтешет, бирок мен алардын ар бири Силерди эч качан унутпашын анык билем! Силерге жана Силердин туугандарыңарга тынчтык, боорукердик, бейпилдик каалайбыз!
Эң мыкты каалоо-тилектерибиз менен Айнура Усупбековна