Лего

Долбоор үч баскычтан турат.

4-8 жаштагы балдар үчүн «Өз тарыхыңды түз».

Курс оюн түрүндө эң маанилүү ыкмаларды: коммуникативдик жана тилдик- өз ойлорун жана идеяларын айтуу, талкуулоо, тилди өстүрүү, жазуу ыкмаларын, талыкпай отурууну жана майда моторикалык билгичтерин; чыгармачылык мамиле жана ой жүгүртүүсүн – фантазиясын өстүрүү , өз тарыхын жана идеясын түзө билүү, конструкциялоо; командалык иш- ролдорго болүштүрүү жана талкуулоо менен жамааттык түрдө тарыхын түзүү; компьютердик терүү жана редакциялоо – өз комиксин түзүп, калыпка келтирүүнү табууга жана өстүрүүгө мүмкүндүк берет.

7-12 жаштагы балдар үчүн «LEGO WeDo биринчи роботу».

Бала пайдалуу ыкмаларга ээ болот: эки ченемдүү сызуу аркылуу үч ченемдүү моделдерди түзүүнү; эксперименттик изилдөө, себептүү- тергөө байланыштарын орнотуу жана баалоону; механизмдерди, физикалык процесстерди үйрөнөт; жыйынтыктарды анализдөө жана жаңы чечимдерди издөөнү; идеяларга жамаатык иш жана аларды иш жүзүнө ашырууда артка кайтпоочулук; берилген роботтун кыймыл-аракетине логикалык ой жүгүртүүнү, талкуу жүргүзүүнү программалоону билет.

10 жаш жана андан жогорулар үчүн «Робототехника».

Робототехника баланын азыркы жашоодо керектөөчү эмес, жаратуучу болушун камсыздайт! Курс ага эң маанилүү ыкмаларды кабыл алуусу жана өнүктүрүүсү үчүн чексиз мүмкүнчүлүктөрдү берет; роботторду конструкциялоодо чыгармачылык ой жүгүртүүнү; билимин практика жүзүндө иштеп чыгууда жана көрсөтүүдө илимий мамилени колдонуу; процесстерди, механизмдерди, технологияларды сүрөттөө жана анализдөө; программалоо, алгоритм негизги принциптерин үйрөнүү, моделдерди башкаруу үчүн татаал программаларды түзүү ыкмаларына ээ болот.
  • ЛЕГОнун билим берүүчүлүк чечимдери азыркы күндө балдарды роботехника жана программалоо сферасында гана эмес, ар түрдүү кызыктыруучу, оюн, мелдештик, эксперименталдык формалардагы прикладдык илимдерге үйрөтүүчү прогрессивдүү окутуу болуп эсептелет.
  • Бүт курс ЛЕГОнун билим берүүчүлүк чечимдеринин негизинде түзүлгөн. Балдар зыян келтире турган күчтүү ток же инструменттер жана майда бөлүкчөлөрү бар жабдуулар менен иштешпейт. Бүт процесс жана бөлүкчөлөрү коопсуздуктун эл аралык талаптарына жооп берет.
  • Биздин окутуучулар ЛЕГОну үйрөтүүчү сертификаттарга ээ.
  • Биздин педагогдун милдети - Сиздин балаңыздын мындан аркы чыгармачылык талантынын өсүшүнө, фантазиясынын учушуна стимул катары базалык, техникалык ыкмаларды берүү; Сиздин балаңыздын техникалык жөндөмүн иш жүзунө ашырууга жардам берүү.

Алынды www.ilimtechlab.com

Instagram биздин жаңылыктар жѳнүндѳ маалымат алып тургула

Байланыш

  • Кыргызстан, Бишкек ш.,
    Токтоналиев көч. 6 – Б
  • +996 (770) 33-03-23
  • +996 (312) 54-13-79 - Мүдүрдүн кабылдамасы

    +996 (312) 54-56-87, +996 (708) 330 323 - «Кардарлар менен иштөө» бөлүмү

    +996 (312) 54-56-88, +996 (500) 330 356 - Эсеп-кысап жайы

    +996 (700) 926 203 -  «Психологикалык колдоо борбор» бөлүмү

  • Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
  • 8:00 - 17:00 чейин
    (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары)