Онлайн-форум "2022 Global Youth Forum"
Жаш муун климаттын өзгөрүшү, табигый кырсыктар, расизм, жек көрүүчүлүк, билим алуудагы теңсиздик жана аскердик чыр-чатактар сыяктуу глобалдык маселелер боюнча онлайн форумга катышты.
2022-жылдын күзүндө "Илим" мектебинин жогорку класстарынын окуучулары Бишкек, Ош жана Нарын шаарларынан келген ЮНЕСКОнун САС Кыргызстанга мүчө болгон башка мектептердин окуучулары менен биргеликте Кореядагы Чунгбук эл аралык билим берүү институту (CBIEI) тарабынан уюштурулган "2022 Global Youth Forum" эл аралык онлайн форумуна катышты.)
Иш-чарага Корея, Франция, Бутан жана Индонезиядан келген мектеп окуучулары да катышты. Бул форумдун максаты жаш муундар менен климаттын өзгөрүшү, табигый кырсыктар, расизм, жек көрүүчүлүк, билим алуу мумкунчулугунун жетишсиздиги, теңсиздиги жана аскердик чыр-чатактар сыяктуу глобалдык көйгөйлөрдү талкуулоо болгон.
Жаш катышуучулар аларды кайсы маселелер көбүрөөк тынчсыздандырарын жана кырдаалды өзгөртүү үчүн чогуу эмне кыла аларын талкуулашты. Бул программа мектеп окуучуларынын компетенцияларын өнүктүрүүгө жана алардын глобалдык көйгөйлөрдү чечүүгө активдүү катышуусун колдоого багытталган.
Ар бир өлкөгө БУУнун 17 Туруктуу өнүгүү максаттарынын биринен теманы тандоо мүмкүнчүлүгү берилди.
Мугалим Рано Абдукованын жетекчилиги астында "Илим"дин окуучусу Салахиддинов Шарафиддин катышкан Кыргызстандан келген команда "Гендердик теңсиздик" темасын тандады. Өз презентациясында балдар үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, ала качуу (колукту ала качуу), бирдей эмес эмгек шарттары жана эмгек акы, ошондой эле аймактардагы кыздар менен аялдардын билим алуу мүмкүнчүлүгүнүн чектелгендигине токтолушту.
Иш-чара мындан аркы кызматташуу боюнча идеяларды жана пландарды активдүү пикир алмашуу менен аяктады.
+996 (312) 54-13-79 - Мүдүрдүн кабылдамасы
+996 (312) 54-56-87, +996 (708) 330 323 - «Кардарлар менен иштөө» бөлүмү
+996 (312) 54-56-88, +996 (500) 330 356 - Эсеп-кысап жайы
8:00 - 17:00 чейин
(дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары)