Коомго жардам

Чоң жардам майдалардан куралат. Эгерде бир адамдын кичинекей гана жардам бере ала турган мүмкүнчүлүгү болсо, анда мындай каалоочулардын баарын бириктиргенде, жардамдын көлөмү таң каларлыктай миң, он миң эсе көбөйөт болчу.

«Илим» Билим берүү комплексинин дайыма жүргүзүлүп келе жаткан, колдонулуучу акциялары менен «Кайрымдуулук» социалдык активдүү программасы бар.

Максаты: гуманизмди, кайрымдуулукту кеңири жайылтуу, өсүп келе жаткан муундун руханий- адеп баалуулуктарын чыңдоо; өзү теңдүү, айлана-чөйрөсүндөгү жаш жана улуу муундун адамдарына аёо, кошо кайгыруу сезимдерин калыптандыруу; өз өлкөсүнүн, элинин мыкты келечегин түзүүгө багытталган кайрымдуулук аркылуу сезимдерди бекемдөө.

Иш формасы: балдар үйлөрүнө, кары-картаңдар, инвалиддер жашаган жайларга барып келүү акциялары, алар менен баарлашуу, материалдык жардам берүү, коцерт, үйрөтүүчү программаларды жүргүзүү, жекече камкордукка алуу.

Жыйынтыктар:

  • 05.11.2015ж. «Умут-Надежда» БРБнын түзүлгөнүнө 25 жыл болгондугуна карата куттуктоо.
  • 12.04.2015ж. «Түбөлүктүүлүк, Сүйүү жана Жашоо үчүн!» акциясы.
  • 30.04.2015ж. Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук, Академиялык театрында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара болуп өттү.
  • 10.07.2015ж. «Angels Haven» фонду.
  • 11.12.2015ж. 10-11 класстар Орловка ш. балдар үйүнө барып келишти.
  • 16.12.2015ж. 5 класстардын Беловодское айылындагы мектепке чейинки окуучулардын балдар үйүнө барып келүүсү.
  • 17.12.2015ж. 6 класстардын Джал кичи районундагы кароосуз калган балдардын үйүнө баруусу.
  • 18.12.2015ж. 7 класстардын Бишкек ш. карылардын инвалиддер үйүнө баруусу.
  • 18.12.2015ж. 8-9 класстардын Лебединовка айылындагы «Канат» Чуй областтык мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар жана жаш өспүрүмдөрдүн реабилитациялоо борборуна баруусу.
  • 25.12.2015ж. «Надежда-Умут» БРБнун майып балдары үчүн Жаны жылдык балаты.
  • 19.12.2016ж. «Надежда-Умут», «Сашенька» Балдар Реабилитациялык Борборунун майып балдары үчүн Жаны жылдык балаты.
  • 26.12.2017ж. «Үмүт-Надежда» Балдарды кайра калыбына келтирүү борборундагы жеткинчектер үчүн Кайрымдуулук майрамы.
  • 2018-2019 жж. «Умут-Надежда», «Сашенька» Балдар Кайра жандандыруу Борборунун майып - балдары үчүн Кайрымдуулук Жаңы Жылдык балатысы өткөрүлгөн.

Instagram биздин жаңылыктар жѳнүндѳ маалымат алып тургула

Байланыш

  • Кыргызстан, Бишкек ш.,
    Токтоналиев көч. 6 – Б
  • +996 (770) 33-03-23
  • +996 (312) 54-13-79 - Мүдүрдүн кабылдамасы

    +996 (312) 54-56-87, +996 (708) 330 323 - «Кардарлар менен иштөө» бөлүмү

    +996 (312) 54-56-88, +996 (500) 330 356 - Эсеп-кысап жайы

    +996 (700) 926 203 -  «Психологикалык колдоо борбор» бөлүмү

  • Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
  • 8:00 - 17:00 чейин
    (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары)