Жалпы республикалык тестирлөө
Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 4 майдан 15 майга чейин өтөт. Тестирлөө өзү 21-22 июнда эки этапта өткөрүлөт-деп билдирди КР билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков.
Окуучулар үчүн окуу жылы дистанттын формада аяктайт. Азыркы учурда жыйынтыктоочу аттестациялоо экзамендеринин бардык параметрлери иштелип жатат. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу мектеп окуучулары үчүн республикалык олимпиаданын төртүнчү этабы белгисиз мөнөткө чейин токтотулган.
ЖРТнүн этаптары жана ЖОЖдорго тапшыруу этаптары:
- ЖРТгө каттоо 4-15 майда өтөт;
- 21 июнда 1 этаптын негизги тести өтөт;
- 22 июнда 1 этаптын предметтик тести болот;
- 24 июнда негизги тесттин 2 этаптары болот;
- 25 июнда 2 этаптагы предметтик тест болот;
- ЖРТин жыйынтыктарын жөнөтүү 13-19 июлунда ишке ашырылат;
- 20 июлда ЖОЖго тапшыруу үчүн биринчи тур болот;
- 27 июлда ЖОЖго тапшыруу үчүн экинчи тур болот;
- 3 августта ЖОЖго тапшыруу үчүн үчүнчү тур өтөт.
Атайын орто окуу жайларына документтерди кабыл алуу 1 июлда башталат.