Ийгиликтин тарыхы. Уландысы

image_01

Жетинчи бөлүк

Бүгүн достор, мен сиздерге 1994 жылы жайында болгон дагы бир окуяны айтып бергим келет. Мен буга чейин жазгандай эле, биринчи окуу жылында биз көп окуп, ар кандай чет элдик уюмдар менен кызматташтык. Ошентип, уюмдардын бири Британдык кеӊеш эле - эл аралык, маданият жана билим берүү жаатында Улуу Британиянын атынан чыккан уюм. Биз өзүбүздү англис тилин терең үйрөткөн мектеп катары кабыл алдык. Англис тили сабактары күн сайын, жумасына беш жолу болуп турчу! Ошентип, Британдык кеӊеш аркылуу биз балдарга Улуу Британияга бир айлык англис тили курстарына саякат уюштурууну чечтик. Биз топ түздүк, балдар паспорт жасаш керек экенин таң калуу менен кабыл алдык, мен балдарга паспорт жасоого кириштим. Кызыгы, ата-энелерибизге мындай сунуш кылуу биздин оюбузга да келбеди, биз аны өз мойнубузга алдык. Паспорттор кайда, ким, кантип жана качан жасаларын билип жатып, жеке мен Тышкы иштер министрлигинин бардык кызматтарын аралап чыктым. Ал учурда мындай топтор үчүн паспортторду даярдоодо эч кандай эрежелер жана нормалар болгон эмес жана аларды эч ким балдар үчүн мынчалык көп өлчөмдө жасаган эмес. Биринчи болуп биз балдарды жамааттык түрдө чет өлкөгө алып чыктык. Ушул убакка чейин ал жерде эки эс алуу күнүн бизге арнап, биздин окуучу балдарыбызга паспорт жазып берген кызматкерлерге ыраазымын. Анда паспортторду алар кол менен толтурушчу.

Лондонго учактар Ташкенттен гана учушаар эле, ал эми учак билеттерин Ташкенттен сатып алыш керек болчу. Ташкенге маршруттук автобус менен жетүү үчүн 12 саат талап кылынат.

Биздин колдорубуз бошобогон айымдар экенибизди унутпаӊыздар, анткени биздин мойнубузда көп жумуш бар эле. Ошол учурда биз эмнени ойлодук? Биз уулдарыбызды Ташкентке баштыкка накталай акча салып көтөртүп, ошол кезде ал чоң сумма эле, жөнөттүк. Сиз эми элестете аласыздарбы! Ошол учурда менин уулум Эрмек 8 классты жана Гайшанын уулу Рамил, 10 классты жаӊыдан эле аякташкан, аларды ушул акчалар менен Ташкентке автобус менен узатып жибергенбиз.

Азыркы учурда мындай жол жөнүндөгү ой эч бир башыбызга келмек эмес! Ал учурда кантип жана кандай ойлонгонубуз эсимде жок. Азыр бул болгон окуядан гана эмес, эстегенде эс тутумдан төбө чачыбыз тик турат! Эми ушунча жыл өткөндөн кийин, ушуну эстеп, биз жөн эле коркпогон, өтө ишенчээк аялдар болгон экенбиз деп айта алабыз. Мындай тобокелчилик! Эки өспүрүм балдар, автобуста бейтааныш шаарга акча пакети менен 12 саат жол жүрүшөт деген эмне! Телефондор жок болчу, алар менен такыр байланыш болгон эмес! Ырас, биз тынчсызданганбыз, алардын келишин чыдамсыздык менен күттүк. Мына ушундай энелер элек!

Анан мен аларды, автобекеттен жалдап алган автобус менен, аэропортко алып бардым. Элестетип көрүңүз, эки тараптуу автобуста! Ал эми Гайша балдардын окуусуна деген акчаны Англияга накталай алып кетип жатканын элестетип көрүңүзчү!

Бирок, аларды мен тосуп алаарда, Ташкентен автобекеттен автобус жалдадым. Ал жакта баардыгы, балдардын Англияга бир айга кантип окууга кетишкендиги тууралуу жана мындай нерселерди уюштурган кайсы мектеп экенин сурашып, абдан таң калышты. Баса, ал убакта Ташкентте жеке мектептер жаңы гана ачыла баштаган.

Ушунун баарынан кандай жыйынтык чыгарса болот? Кудуреттүү Кудай коркпогон жана жүрөгү таза адамдарды жакшы көрөт! Ал эми паспорттор, акча жана билеттер менен баары сонун болду! Жана балдар ошол сапардан көп таасир алышты! Андан кийин биз жыл сайын Англияга балдар менен мугалимдерди жиберип турдук. Мыкты окуучу жана активист болгон балдарга жолдомолорду тапшырдык! Мына, ушундай окуя!

Cегизинчи бөлүк

Каржы, бул эң оор тема деп ойлойм!

Биз буга чейин кандай ишкер айым экенибизди жазган элем. Көп жылдар бою биз «Илим» биздин бизнесибиз эмес, биздин кызмат деп бардык жерде ишенимдүү болуп, жар салып жүрдүк. Биз балдарыбызга, мекенибизге, келечегибизге кызмат кылабыз! Кандайдыр бир деңгээлде - ушундай, анткени биз балдарды ийгиликтүү кылуу үчүн, жок дегенде өзүбүзгө байланыштуу лидерлерди, ар кандай тренингдерди өткөргөнүбүз үчүн, кээде үмүтсүз балдарды «сууруп чыккандыгыбыз үчүн» акча албайбыз. Алар өзүлөрү жана алардын ата-энелери жеңе албай турган окуялардан сууруп чыкканыбыз. Бирок бул билдирүүлөр тууралуу кийинкиде көбүрөөк айтылат.

Бардык жылдар бою Гайша менен уюштуруучулар болуп, бирок кызматкерлерибиз менен бирдей шартта эмгек акы алабыз. Билим берүү жана каржы министрликтеринин, банктын ортосунда бир күн бою чуркап жүрүп, мектепке келип, Гайшадан: «Машина алалы, бир күнүм кечке шаардын борборунда айланып жүрүп өтөт!» – деп суранган күндөрүм болгон. Бирок ал кескин түрдө: «Биздин кызматкерлер жөө жүрүшсө, биз унаа менен жүрөбүзбү, кайдагы унаа?» – деп айтчу.

Советтик система бизге тең укуктуулукка жана боордоштукка терең салым кошту! Биздин кызматкерлерден айырмаланып турууга мүмкүнчүлүгүбүз жок болчу. Биз жалпыга биздин ишибизди жарыялачубуз жана «Илим» биздин жалпыбыздын идеябыз, наристебиздей болду!

Ата-энелер төлөгөн акчанын бардыгын банкка, коопсуз жайга алып баруучубуз! Бирок кийин бул банктар биринин артынан бири кыйрай баштады, бирок бул башка окуя. Дагы бир айта кетүүчү нерсе, мен товаровед болууга даярданып, андан кийин соода тармагында иштегенде, апам мени катуу тарбиялаган! «Сиздин капчыгыңыз менен мамлекеттин капчыгы эки башка экендигин ар дайым эсиңден чыгарба! Аларды эч качан аралаштырба!» - дечү. ГУЛАГдан өткөн ал эмне жөнүндө сүйлөп жаткандыгын билчү. Мен, тил алчаак кыз элем ошол себептен, капчыктарды башаламандыкка алып барууга эч качан жол берген эмесмин. Балдарыбызды, үй-бүлөлөрүбүздү колдоо максатында, Гайша экөөбүз бир нече жыл бою Индия, Түркия, Пакистанга шоп-турларга барып жүрдүк, андан кийин ушул продукттар менен Россияга соода кылдык. Мен, жеке билим берүү комплексинин директору болуп туруп , дем алыш күндөрү балдарым менен алгач «Спартак» стадионунда, андан кийин «Дордой» менен Орто-Сай базарында отуруп, соода кылдым. Андан кийин соода менен билимдин ортосунда ажыроо кыйын болуп, мен билимди тандап алдым. Ошентип, жашап жүрдүк.

Көбүнчө дагы бир жеке менчик мектептин ээси бизге келип, акчанын үстүнөн титирей бересиӊер, аны «чуркатуу» керек, башка бизнеске инвестицияга салуу керек деди. Анан мен, ишенчээк, кандай гана сонун бизнесмен, ал акчаны кантип башкарууну жакшы билет деп ойлочумун! Анын мектебинде ушундай «чуркатууну» билген адам бар экенине көз арткам, ал эми жок деп кейигем. Көп өтпөй анын мектеби банкротко учурады! Ал акчанын бардыгын мектептен алып чыгып «чуркатам, көбөйтөм» –деп ойлогон, ал эми адамдар ал убакта бири-бирин алдап кетишчү, аны да алдашкан сыяктуу. Натыйжада, ал бизге келип, акча керек болуп жатат, жок дегенде менден бир нерсе сатып ал деп сурады. Дүкөндөр бош болгондуктан, биз макул болдук. Биз анын мектебине келдик, мектептин бардык жеринде чылапчындар жана чакалар турган экен, алардын ичине шыптардан суу тамчылап турат. Ушундай шарттарда балдар окушат, ата-энелер акча төлөшөт, эч кандай жаңжал чыкпайт, алардын бардыгы чыдашты жана анын, менин оюмча, өзүнүн беш баласы болгон. Бир аз убакыттан кийин ал камакка алынып, мектеп жабылды. Аны абдан аядык, ал жаман адам эмес эле. Анын жана балдарынын тагдыры кандай болгондугун билбейбиз. Анын айтканын укпай, балдардын акчасына тийбегенибизге кандай гана сүйүндүк. Бул жердеy биздин ишкер аялдар эмес экенибизге абдан бактылуу болдук.

Каржылык жактан аябай кыйын болду. Акчанын тынымсыз тартыштыгы байкалып турду. Айлыктан айлыкка чейин жашадык. Он беш жыл Гайша экөөбүздүн эс алганыбыз жок! Биз окуу үчүн төлөмдү көтөрүүдөн корктук, кымбатка туруп калабы деп адамдардар үчүн сарсанаа болуп жаттык. Мектептен акы төлөбөгөндүктөн алып кеткен балдар менен ажырашуу ар дайым өкүнүчтүү, алар үчүн өзүлөрүбүздү күнөөлүү сезчүбүз. Кээ бир ата-энелер карызды төлөөнү ойлоп да койбостон, балдарын алып, жеке иш кагазын алар биздин карызга караганда алда канча арзан акчага сатып алса болот деп ачык айтып эле жатышты. Азыр деле, тилекке каршы, ошондой адамдар бар. Бирок биз жашашыбыз керек эле! Кантип көбүрөөк акча тапса болот деп ойлонуп жүрдүк? Дагы эмне кылсак болот?

Жыл сайын жай мезгилинде бизде ремонтко акча жетпей калып жатты, бирок банкта Николай Стерликов деген жакшы досубуз бар болчу. Биз ага бардык компьютерлерди банкка алып барчубуз, ал бизге оңдоо үчүн насыя берчү. Биз аны менен ар дайым кеңешип, кандайдыр бир жол менен акча табыш үчүн дагы бир бизнес ачышыбыз керектигин, антпесе комплексти өнүктүрүп, ирээтке келтирүү мүмкүн эместигин айттык. Ал акылдуу адам болгондуктан, кескин түрдө: «Кудуреттүү Кудай силерге - балдарды окутуу белегин берди, ошол себептен эч жакка барбастан жана жылбастан балдарды окуткула жана башка эч жакка умтулбагыла!» - деди. Биз тынчып калдык! Бөлөк нерсе жасап акча табуу жөнүндө биротоло ойлонууну токтоттук! Ал эми биздин башыбызда кандай долбоорлор бар эле!

Дагы бир жолу жыйынтык чыгаргым келет: канчалаган жакшы адамдар ар дайым биздин айланабызда! Ар дайым колдоп, жардам берип, тынчтанттып калгандар бар! Алардын бардыгына рахмат!

Тогузунчу бөлүк

Кореяга паспорту жок барган биздин балдардын окуясы!

Биз ар дайым ата-энелерден жолдуу, алардын көпчүлүгүнүн жардамы менен биз окуучуларыбыздын жарык жана жаркын келечегине көбүрөөк эшиктерди ача алдык. Мисалы, 1997 жылы жайында Түштүк Кореянын жарандары болгон ата-энелерибиз студенттерибизге скаут курултайына чакырышкан, эӊ кызыгы бул акысыз чакыруу эле. Сапардын уюштуруучулары биздин балдарга лагерде, чет өлкөлөрдө эстен кеткис тажрыйба тартуулоо үчүн, алардын жоопкерчилигин толугу менен өз мойнуна алышты.

Жыйырма баланы чогултуп, алар менен эки мугалимди жөнөттүк. Бизди аэропортко алып барып, салтанаттуу түрдө узатып жибердик! Ошол жылдары Бишкектен шоп -туристтер менен чартердик каттамдар гана учуп турушкан жана балдар он алты саат учушкан. Биз, албетте, качан жана кантип жетишээрин гана күтүп отурдук. Алар учуп жетишти , баары жакшы! Күтүлбөгөн жерден, чек ара көзөмөлүндө балдардын бардыгын, орус жана кыргыз тилдеринде, андан да, алар дагы кол менен жазылган, сүрөтү жок туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү менен эле жибергендигибиз белгилүү болду! Кореялык чек арачылардын башы маң болду, бул эмне деген документ? Ал адамдын ким экендигин кантип далилдейт жана тастыктайт, ал жерде 20 бала бар, алардын бардыгы англис тилин минималдуу эле билишет жана бир нерсени түшүндүрүп берүү кыйын болду!

Бул кандайча болду? Эмне үчүн биздин чек арачылар өткөрүп жиберишкен? Эч нерсени түшүнө албай жаттык! Бул бизге асмандан түшкөн чагылган сыяктуудай эле болду! Эмне кылуу керек? Адаттагыдай эле, ата-энелерибиз жардамга келишти. Кудайга шүгүр, чек арачылар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, балдарды Корея өлкө аймагына киргиздик! Элестетип көрсөңүз, балдарды кызыктуу жана укмуштуу окуяларды күтүп, 16 сааттык жолго узатышса, кайра кайтып учуп кетүү кандай болмок?

Бир жума бою балдар скауттар лагеринде, бир жума үй бүлөлөрдө жашашты! Кайтып келишти, көптөгөн таасирлер, кубаныч, идеялар! Алар тоодогу лагерден кийин өзүлөрүнөн кийин кантип кылдаттык менен тазалап, тартипке келтиришкенин айтып беришти. Аларда тоолордо ишембиликтерди өткөрүү идеясы пайда болгон. Ошол учурда, биз мектеп менен бирге Альп лагерине көп барчубуз, балдар биздин эс алуучулардын өзүлөрүнөн кийин кандай таштандыларды калтырып жатышкандыктарын көрүшчү. Андан кийин биз өз өлкөбүздү, анын жаратылышын ушунчалык сүйсөк, бардык нерсеге кам көрсөк, кандай сонун болмок деп көп маектештик. Бул сапар балдарга сонун эскерүүлөрдү гана бербестен, дүйнөнү өркүндөтүүгө болгон каалоолорун дагы ойготту.

Жалпысынан алганда, билим берүүнүн эң маанилүү мүмкүнчүлүктөрүнүн бири - саякаттоо жана жаңы нерселерди башкача көз караш менен үйрөнүү. Дүйнөнүн өнүгүүсү токтобогон биздин мезгилде балдарга билимдин жаңы ыкмаларын жана дүйнө таануу мүмкүнчүлүктөрүн берүү керек. Бул жаш муундагыларга стандарттан тышкары ой жүгүртүүнү, чыгармачылыкты жана инновацияны өнүктүрүүгө жардам берет. Ошондуктан, балдарыбызды чет өлкөгө, ар кандай сынактарга, презентацияларга, олимпиадаларга, тренингдерге жөнөтүү мүмкүнчүлүктөрү пайда болгондо - биз ар дайым балдарыбызды жана алардын ата-энелерин ушул кадамга түртүүгө аракет кылабыз.

Онунчу бөлүк

Бүгүн мен биздин балдар АКШда биринчи жана акыркы жолу чоң топ менен кандайча саякаттап кеткенин айтып берем. Анда биз дагы жыйырмага жакын баланы жөнөттүк.

1999 жылы жайында биздин балдар кырк күнгө АКШга чакырылышкан. Биздин өлкө, СССРден бөлөк мамлекет катары, башка өлкөлөр үчүн жаңы ачылып жаткан. Биздин балдар тобун, кайрымдуулук максатында, конокко чакырышкан. Алар бир нече күн лагерге дайындалган, ал эми калган убакытты үй-бүлөлөрдө өткөрушкөн. Бул жерде бардык чыгымдарды Америка тарап көтөрдү. Менин оюмча, ата-энелер уюштуруу чыгымдарын гана төлөшкөн. Биздин балдарды аябай жакшы тосуп алышты жана алар ушул убакыттын бардыгын ачык-айкын жана күжүрмөндүү өткөрүштү. Балдардан бир да жолу бир нерсе болду деп эч кандай арызданганын уккан жокмун. Америкалыктар, абдан адамгерчиликтүү жана боорукер калк болуп эсептелинет! СССРдин АКШдагы имиджи анчалык деле позитивдүү болгон эмес жана ошол бойдон калууда. Ошондуктан, үй ээлери биздин балдарга ыңгайлуу болуш үчүн баардык шарттарды жасашты.

Менин кенже уулум Камил бул топто эң кичинекейи болчу, ал 10 жашта да эмес эле. Мен ага паспорт жасатып жатканда, милиция кызматкерлери мындай кичинекей баланы узак убакка чейин жана алыска жөнөтүп жатканыбызга өкүнбөйбүзбү деп сурады. Мен эмнегедир ал жөнүндө ойлонгон да жокмун. Ошентип, бул кичинекей бала үйгө телефон чалып, ал-акыбалын айткысы да келген эмес. Америкалык энеси аны кармап, үйүнө чалып, жакшы болуп жаткандыгын айтуусун талап кылып турчу. Ал беш секундага чалып, тез эле эч нерседен тажабагандыгын айтып, кайра ойноп качып кетүүчү. Үй-бүлөлөрдө балдар бар болчу жана алар биздин балдар менен достошушту. Ушундай кичинекей балдар бири-бирин кандайча түшүнүшчү, мен элестете албайм! Балдарды дүкөнгө алып барып, каалаганын сатып беришчү! Бул адамдар көрсөткөн жакшылык, адамгерчилик эле! Балдар үчүн эки чемодан толтура белектер тапшырылды! Бирок учакка бирөөсү гана уруксат берилген, ал эми Камил анын белектери АКШда калганына көпкө чейин өкүнүп жүрдү.

Кичинекей балдар чет элдик автоунаалар жөнүндө, алар көрө элек чиркегичтер жөнүндө көп сүйлөшүштү! Ушул жөнөкөй адамдардын жакшы финансылык абалы жөнүндө. Таасирлер абдан көп болду!

Албетте, укмуштуу, кызыктуу окуяларсыз кантип болсун. Алар KLM учагы менен Алматыдан Амстердамга, андан кийин АКШга учуп кетишмек. Бул компаниянын кызматын биз көп жылдардан бери колдонуп келе жатабыз. Алар чындыгында жакшы иштешчү! Компаниянын өкүлчүлүгү ыңгайлуу автобус жана коштоочу кызматкерлер менен камсыз кылды. Автобуста бар жана даараткана бар болчу, бул биздин балдарга аябай таасир калтырган. Алар Алматыга кетип бара жатып, барды толугу менен бошотуп коюшкан, ошол себептен бир аз ашказандары ооруйт!

Ошол учурда, Амстердамдамдын ири аэропортунда ири Duty free болгон. Биздин балдар түздөн түз эле дүкөнгө кетишти. Бир бала, азыр эсимде, анын аты Данияр болчу, дүкөнгө барып табылбай, адашып калат, аны тапканга чейин учакты кармап турууга аргасыз болгонбуз. Кайра кайтып келе жатып, ошол эле бала ушул окуяны кайталап, дүкөндөн дагы адашып табылбай калган. Бир-эки жылдан кийин, биз аны АКШга алмашуу программасы боюнча жөнөттүк, ал дагы дүкөндө кармалып калат! Бул баланын көйгөйү болгон! Ал эми калган балдар үчүн бул жөн гана укмуштуу окуя болчу!

Бирок баладарыбыз менен сыймыктанган бир нерсе бар эле!

Бул сапарда биздин жөнөкөй, унчукпаган Эмилка- Эмил Кайыпов айырмаланды! Сууга чөгүп бараткан баланы сактап калгандыктан, ал жөнүндө АКШнын гезиттерине жазышты! Жээкте, бардык чоңдордун жана балдардын көз алдында, ал жасалма дем берип, аны тирилтти! Америкалыктар кичинекей баланын мындай жөндөмүнө аябай таң калышты. АКШга балдарды коштоп барган мугалимдерибиз бул сапардан сыймыктанып, кубанып кайтышты. Бала сууга чөгүп баратат, бардыгы туруп карап турушту, анын артынан эч ким секирүүгө батынган жок дешти. Ал эми арыкчырай, бою кыска бала - Эмилка сактап калды! Баардыгыбыз биздин балдарыбыз менен сыймыктанып жаттык!

Белгилей кетүүчү нерсе, Канадада бир топ убакыттан бери жүргөндүктөн, бул жердегилер биз сыяктуу жардам берүүгө ашыгышпагандыгын байкадым. Бул жерде алар карап туруп калышат же бурулуп кетишет, бирок сурасаңар жардам беришет. Метродо бир нерсе сураган селсаяктар көп, бирок эл: «Кечир досум, бүгүн акча жок» деп абдан сылык жооп беришет. Бизде дагы үйрөнө турган жана сыймыктана турган нерселер бар!

Кризистер

Тарыхыбызда көптөгөн кризистер болгон, эми аларды эстөө дагы коркунучтуу!

1996 жылы күзүндө Гайша өз өнөрүн өркүндөтүү үчүн Индияга 4 айга Бангалорго учуп кетти. Эсиңерде болсо, мен мугалим эмесмин жана билим берүүнү уюштуруу жөнүндө эч нерсе билбеген адаммын: мектепте кандай документтер болушу керек, окуу процессине кандай талаптар коюлат ж.б. билбечүмүн. Гайша мени сабактарга катыштырды, мен аларды анализдей албайм жана барганымдын кандай пайдасы бар деп айткам. Ал мындай деп жооп берди: «Тескерисинче, балдар үчүн кызыктуубу же жокпу, мугалим сабакты оңой эле алып барабы же жокпу, балдар менен кандайча сүйлөшөт, алар үчүн пайдалуубу же жокпу - ушуну көрөсүӊ» деп жооп берди. Ошол кездеги билим берүү тармагындагы менин билимим ушул эле.

Мен, албетте, аны дагы кыйынчылык менен Индияга, андан калса - төрт айга кетирип жаттым. Мен дүрбөлөңгө түштүм! Бул ушундай чоӊ жоопкерчилик эмеспи! Байланыш жок, бир нече жума бою жүргөн каттар гана! Мен үчүн ар дайым билим берүү тармагында чоң авторитет болуп келген эжемден тез кеңеш жана колдоо жок! Бирок эч нерсе кыла албайт элек, ал учуп кетти!

Баары тынч иштешти, бороонду чагылдырган эч нерсе жок эле.

Күтүлбөгөн жерден, өлкө башчыларынын биринин буйругу менен жеке билим берүү мектептерин карап аларды дискредитациялоо жана «Илим» билим берүү комплексин жабуу максатында жеке мектептерди текшерүү үчүн комиссия түзүлөт. Бул тууралуу бизге комиссиянын мүчөлөрү четтен айтышты. Эмне үчүн «Илим» өлкө лидерлеринин бирине тоскоолдук кылды, бул жөнүндө эч жерде айтылбайт!

Мамлекеттик мектептердеги кесиптештерибиз бизди текшерип, жеке менчик билим берүү жаатында эмне болуп жаткандыгына кызыгышып жатышты жана достук мамиледе болушту. БИРОК, текшерүүнүн максатын эскерткен жетекчиликтин чексиз чалуулары, аларды ошондой эле эмоционалдык жактан нервтендирип, мамилелерди чыңалткан. Текшерүү чоң мыйзам бузуулар менен жүргүзүлдү жана биздин буга жол берилбейт, бул туура эмес жана бул адамгерчиликтүү эмес дегендерибизди эч ким уккусу келген жок! Алар биздин жаныбызды түздөн-түз титиретти! Койгон дооматтары күлкүлүү болду, мисалы, сиздерде эч кандай предметтик программа жок. Бирок аларды бизге эч ким берген эмес, аларды эч жерден сатып же басып чыгарып алууга да мүмкүнчүлүк болгон эмес. Жакшы кошуналарыбыздын болгону жакшы болду, 48 мектептин директору бизге камкордук көргөзүп, баардык жагынан жардам берди. Бизде лабораториялар жок болуучу, анткени биз үчүнчү жылы гана иштеп жатканбыз, бирок 48 мектеп менен келишим түзгөнбүз, биздин балдар ал жакка лабораториялык жумушка барышчу. Биз билим берүү процессинде талап кылынган нерселердин бардыгын камсыз кылдык, жана бул үчүн кандай убарчылык, күч кетирилгени маанилүү эмес эле. Бирок бул дагы жаккан жок.

Натыйжада, башка мектептердин дарегине комментарийлер менен жазылган маалыматтар берилип, ал эми «Илимди» жабуу чечими кабыл алынды! Биз бул маалымат менен таанышкан жокпуз, алар коллегияда бүтүрүүнү чечишти. Билим берүү министрлигинин коллегиясынын мөөнөтү белгиленип, ага биз да чакырылганбыз, бул ансыз деле жагымсыз жана ошол эле учурда үрөй учурган нерсе болуучу.

Мен абдан бактылуу экенмин, Гайша учуп келди! Ал эми Гайша өтө чоӊ согушкер болчу! Биз кичинебизде, бизди чоӊойтуш үчүн, апам талыкпай эмгектенип, биздин жана биздин гана эмес, кошуна балдардын да тарбияланууларына Гайша чоӊ салым кошкон. Баса, үчүнчү кичирайондон батир алганыбызда, ал жертөлөдө балдар клубун, китепкананы уюштуруп, ал жерге апамдын сыймыгы болгон - баардык китептерин алып келди. Ал китептер кайра үйгө кайтып келген эмес жана апам аны көпкө чейин эстеп жүрдү! Анда ал жетинчи класста окуган, бирок ал короодо чоң авторитетке ээ болгон жана баардыгы бош убактысын ушул клубда өткөрүшчү. Жайында, таңкы саат 7де, пионердик сурнайдын коштоосу менен машыгууларды өткөрчү, балдардын бардыгы келишчү. Бул кызыктуу мезгил болчу! Ал бизди эч качан бирөрөлөрдүн басмарлоосуна, тарынтуусуна калтырчу эмес, ал ар дайым адилеттүү жана чынчыл болгон! Буга чейин ал руханий лидер жана абдан сабаттуу жетекчи деп жазган элем!

Эми баяныбызга кайтып келели.

Ал: «Коркпо, бизди жабуу анчалык деле оңой эмес экендигин көрсөтөбүз!» - деди. Ал текшерилген бардык мектептердин директорлорун чогултту. Бардык процедуралык мыйзам бузуулар жөнүндө протокол түзүп, комиссиялардын иш-аракеттерине укуктук баа берүү максатында юридикалык клиникага кайрылган.

Ал министрликтин коллегиясына журналисттерди чакырып, өлкөдөгү жеке менчик билим берүү тармагын жою процессин чагылдырган. Юридикалык клиниканын маалыматы абдан сабаттуу жазылган, мыйзамдарга жана мыйзамдардын алдындагы актыларга шилтемелер жасалган. Ал өзүн абдан жакшы даярдады!

Биз коллегияга келип, акырын отуруп, эмне болоорун чыдамсыздык менен күттүк. Комиссиялардын бардык жетекчилери сөз сүйлөштү, ал кезде өлкөдө болжол менен төрт-беш жеке менчик мектеп болгон. Чыгып сүйлөгөндөр өлкөдө жеке менчик билим берүүгө кандайча жол берилгенине ачууланышты! Коллегиянын чечими буга чейин министрликтин атынан даярдалган, ал басылып чыккан жана ошол учурда жарыяланмак.

Ушул жерден Гайша сүйлөөнү суранып сөз алды, анткени акыркы сөз кылмышкерлерге дагы берилет эмеспи. Ал комиссиялардын бардык корутундуларын жок кылган адвокаттардын корутундуу маалыматын окуп берди! Журналисттер маектешүүгө дароо жакындап, чуркап кетишти, биз пресс-релизди алдын-ала басып чыгарып койгон элек, журналисттерге дароо тараттык жана, албетте, адвокаттардын да пикирлери таратылды. Коллегиянын мүчөлөрү айрым мыйзам бузууларды оңдоо мөөнөтүн көрсөтүп, чечимди өзгөртүүгө аргасыз болушту.

Баса, бул текшерүүнү уюштурган лидер дагы коллегияда болгон. Анан анын: «Илим» - силер шумдук экенсиңер!», - деп айтуудан башка эч нерсе айта алган жок.

Биринчи кризистен чыгууга бизге эмне жардам берди?

  1. Гайшанын эрки жана кайраттуулугу.
  2. Сабаттуулугу жана коргонууну жакшы уюштуруусу.
  3. Билимдүү тандалган юридикалык компания.

Биринчи кризистен кантип аман-эсен чыктыккандыгыбыз тууралуу окуя ушундай!

Instagram биздин жаңылыктар жѳнүндѳ маалымат алып тургула

Байланыш

  • Кыргызстан, Бишкек ш.,
    Токтоналиев көч. 6 – Б
  • +996 (770) 33-03-23
  • +996 (312) 54-13-79 - Мүдүрдүн кабылдамасы

    +996 (312) 54-56-87, +996 (708) 330 323 - «Кардарлар менен иштөө» бөлүмү

    +996 (312) 54-56-88, +996 (500) 330 356 - Эсеп-кысап жайы

  • Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
  • 8:00 - 17:00 чейин
    (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары)