Баа-сындар

Өз балдарыбызды ушул укмуштуудай, токойдогу жомокко окшогон бала-бакчага алып келебиз. Балдарыбыздын тарткан сүрөттөрү, жасаган нерселери бизге жагымдуулук берет – алгач алар жөнөкөй, эпсиз болсо, кийин чебер жана кызыктуу боло баштады.
Ильмердин үй-бүлөсү
«Илим» - бул ишеним! Мен ар дайым кызымды бакчага кыйналуу менен калтырчумун, бирок «Илимде» биз балдарга карата жылуулукту, жайдарылык, сүйүү менен көңүл бурууну сездик.
Капковдордун үй-бүлөсү
Биздин балдар катышкан, өз таланты менен ата-энелерине эбегейсиз кубаныч, күлкү, бакыт тартуулаган унутулгус майрамдык концерттериңер үчүн чоң рахмат. Силердин жеңил эмес эмгегиңерге, өз ишиңерди сүйүп аткарганыңарга ыраазыбыз.
Капышева Гульнара
Бир жолу балабыз тарбиячынын жардамчысын “Наташа апа” деп айтты. Мен абдан сүйүндүм, демек, бул балабыздын ага карата эң жакын адамы, бир тууганы катары мамилесинин көрсөткүчү. Мындай жаслма эмес сүйүүнү көргөндө жүрөгүң кубанычка толот, жан дүйнөң тынч болот.
Жусупбековдордун үй-бүлөсү
Кызым бала–бакчага барыш үчүн дем алыш күндөрүнүн бүтүшүн чыдамсыздык менен күтөт. Апасына бакчада даамдуу тамактандыраарын айтып, «бакчадагыдай» тамак бер деп суранып турат!
Тумаевдердин үй-бүлөсү
Көпкө тандадык, жекече бакчаларды кыдырдык. «Илим» бизге жагып калды, өзүнө тартып алды: жылуу, жарык, жайлуу топтору, жайдары жамааты. Бир жылдык сабактарда кызым абдан көп жаңы, кызыктуу нерселерди үйрөндү.
Василенко Галия

Instagram биздин жаңылыктар жѳнүндѳ маалымат алып тургула

Байланыш

  • Кыргызстан, Бишкек ш.,
    Токтоналиев көч. 6 – Б
  • +996 (770) 33-03-23
  • +996 (312) 54-13-79 - Мүдүрдүн кабылдамасы

    +996 (312) 54-56-87, +996 (708) 330 323 - «Кардарлар менен иштөө» бөлүмү

    +996 (312) 54-56-88, +996 (500) 330 356 - Эсеп-кысап жайы

    +996 (700) 926 203 -  «Психологикалык колдоо борбор» бөлүмү

  • Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
  • 8:00 - 17:00 чейин
    (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары)