Мырзалар клубу

Мырзалар клубу 2012-жылы уюштурулган!

География сабагынын мугалими жана куралдуу күчтөрдүн запасындагы офицери Каныбек Исаковдун коштоосунда эркек балдар үчүн беш күндүк тоолуу аймакта атайын окуу лагери өткөрүлүп турат. Бул уникалдуу лагеринде 10-чу жана 11-чи класстарынын окуучулары катышат. Алар үчүн атайын мектеп программасынын алкагында «Жаштарды аскерге чакыруу алдындагы даярдык» предметин окутуп, иш жүзүндө эки жылдын ичинде өткөн материалдарды бекемдешет.

Мырзалар Клубу команданы бириктирүү, көз карандысыздыкты өркүндөтүү жана өзүнө, өз иш-аракеттерине жана досторуна жоопкерчиликти сезүү максатында түзүлгөн.

Беш күн бою клубда балдар арасында спорттук мелдештер өткөрүлүп, ориентация, курулуш куруп жатышат, балдар тоолу аймакта коопту жагдайда аман калуунун эрежелерин, тамак бышырууну, отун жарып, от жагууну үйрөнүшөт, ошондой эле ортодо очокту жагып алып балдадын курагына ылайык маанилүү темаларда чын жүрөктөн баарлашышат.

Жыл сайын аба ырайына карабай, окуучу мырзаларыбыз лагерге сөзсүз түрдө барып келишет. «Мырзалар клубу» бардык көйгөйлүү маселелерди жана кыйынчылыктарды жеңип, эркек балдардын демин күчтөп жана бекемдейт!

Биздин балдар коопту жагдайлардан аман калуунун практикалык көндүмдөрүнө, жашоо сабактарын алып жана жаңы досторго ээ болуп, бышып жетилишет. Бул жылда адаттагыдай мырзалар үчүн мыкты окутуу болду десек жарайт.

Толугураак маалыматты шилтемени чыкылдатуу менен таба аласыз: https://limon.kg/ru/news:74502

Instagram биздин жаңылыктар жѳнүндѳ маалымат алып тургула

Байланыш

  • Кыргызстан, Бишкек ш.,
    Токтоналиев көч. 6 – Б
  • +996 (770) 33-03-23
  • +996 (312) 54-13-79 - Мүдүрдүн кабылдамасы

    +996 (312) 54-56-87, +996 (708) 330 323 - «Кардарлар менен иштөө» бөлүмү

    +996 (312) 54-56-88, +996 (500) 330 356 - Эсеп-кысап жайы

    +996 (700) 926 203 -  «Психологикалык колдоо борбор» бөлүмү

  • Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
  • 8:00 - 17:00 чейин
    (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары)