Семинар - тренинг
Мугалимдерибизге IT сабаттуулугун жогорулатууга жана ар кандай интернет аянтчаларында иштөө боюнча көндүмдөрүн бекемдөөгө мүмкүндүк берген кезектеги окуу семинары Илим билим берүү комплексинде болуп өттү.
Пандемия учурунда биз өзүбүздүн билим берүүчү онлайн платформабызды түздүк, бул биздин мугалимдерибизге сабактарды онлайн режиминде өткөрүүдө жаңы деңгээлге чыгууга мүмкүнчүлүк берет.
«Илим» мектебинин мугалимдери заман талабына шайкеш келип, окуучуларына аралыктан билим берүүнүн жаңы технологияларын жана ыкмаларын үйрөнүп жаткандыгын ишенимдүү белгилөөгө болот.