Музыкалык студиябыздан отчёттук концерти
Ыр,бий жана марш "үч музыкалык киттерге" арналган эки күндүк отчеттук концертин "Илим" мектебинде вокалдык жана фортепиано ийримдерининдеги окуучуларыбыздын күчү менен даярдалып өткөрүлдү.
Айтылуу концертте — ыр, бий жана марш музыкалык чыгармалары камтылды.
Бул иш чарага балдар кышкы каникулдан кийин эле кызуу даярданып башташкан болчу. Күч аракеттери жемиштүү болуп, мугалимдерге, окуучуларга жана ата-энелерге сонун майрамдык белек тартуулашты!
Биз таланттуу, ар тараптуу балдарыбыз менен сыймыктанабыз! Биздин мектеп окуучуларынын бардык аракеттерин колдойт жана ар биринде катылган потенциалдарын, таланттарын ачууга салым кошкончо, көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүүгө аракетибиз зор!