Балдарды коргоо күнү
Балдар биздин жер планетасындагы эң кымбат, баа жеткис, таза жана жарык нерсе.
Балдарды коргоо күнүнө карата биздин мектепте ата-энелердин катышуусунда чоң салтанаттуу иш чара болуп өттү.
Биз Илим билим берүү комплексинин дээрлик бүт аймагын интерактивдүү аймактарга бөлдүк: шахмат, театр, кол өнөрчүлүк, спорт, таланттарды шоусуна ж.б.
Ар бири өзүнүн көңүлүнө туура келген жана жаккан өнөрдү тандашып, жана аны мыкты чеберчилиги менен көрсөтө алышты.
Ал эми ата-энелер мугалимдер менен биргеликте чоң казанга даамдуу палоо бышырып, майрамдык иш-чаранын бардык катышуучуларына тамак беришти.
Майрам ийгиликтүү жана мыкты маанайда өттү!