«Илим» билим берүү комплексиндеги коопсуздук

image 01

Мектептин коопсуздугуна биз өтө жоопкерчиликтүү мамиле менен карайбыз, анткени сиз бизге эң ыйык баалулукту - балдарыңызды ишенип, тапшырасыз.

«Илим» комплексибиздин аймагында балдарды, кызматкерлерди жана конокторду коргоо камсыздыгын атайын штаттык коопсуздук кызматы кылдаттык менен иштейт.

Биздин имарат Совет мезгилиндеги билим берүү мекемесинин типтүү долбоору боюнча курулган, демек, бардык коопсуздук эрежелери жана курулуш эрежелери эске алынган.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматтары менен бирдикте балдарды жана персоналды эвакуациялоо боюнча үзгүлтүксүз машыгуулар өткөрүлүп турат.

Имараттын ичинде жана анын аймагында 140тан ашык видеобайкоочу камералар иштеп турат.

Имарат жана бардык аймак заманбап өрт коопсуздугунун тутуму менен жабдылган.

Ошондой эле биз балдарыбыздын тамактануусуна олуттуу мамиле кылабыз. Ар бир сезондо биз балдардын өз калыбында өсүү жана өнүгүү үчүн эң пайдалуу нерселерди камтыган жаңы меню иштеп чыкканбыз.

Штаттык дарыгер жана медайым күн сайын иштеп, бардык балдарды үзгүлтүксүз текшерип турушат. Бул оорунун башталганын өз убагында аныктоо жана дени сак балдарга жугуу коркунучун азайтуу үчүн аткарылат.

Биз балдардын мектепте коопсуз жана ыңгайлуу болушун камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракеттерди жумшайбыз. «Илимге» кош келиңиз!

Дарегибиз: Токтоналиев көчөсү, 6-б
Телефон номерибиз: +996 770 330 323

Instagram биздин жаңылыктар жѳнүндѳ маалымат алып тургула

Байланыш

  • Кыргызстан, Бишкек ш.,
    Токтоналиев көч. 6 – Б
  • +996 (770) 33-03-23
  • +996 (312) 54-13-79 - Мүдүрдүн кабылдамасы

    +996 (312) 54-56-87, +996 (708) 330 323 - «Кардарлар менен иштөө» бөлүмү

    +996 (312) 54-56-88, +996 (500) 330 356 - Эсеп-кысап жайы

    +996 (700) 926 203 -  «Психологикалык колдоо борбор» бөлүмү

  • Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
  • 8:00 - 17:00 чейин
    (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары)