«Илим» мектеби жөнүндө бүтүрүүчүлөр
Мен үчүн «Илим» мектеби эмнени билдирет?
Бул болгону бир жөнөкөй суроо, бирок биздин Илимдин балдарынын жоопторунда канчалык жылуулук жана ыраазычылык бар экенин сезсе болот.
Бүтүрүүчүлөрүбүздүн эсселери менен бөлүшкүбүз келип жатат анан сиздер бардыгын окууга убада бересизби? Анткени, башка балдар, чыныгы Илим мектебинин тарбиясын алган бүтүрүчү сыяктуу, өз мектеби жөнүндө ушундай жылуу пикир менен жан дүйнөсүндө калган жылуулук сезимдери менен бөлүшө беришпейт.
Биздин балдар чын жүрөктөн пикир алышканы биз үчүн абдан баалуу, анткени аларда аруу таза сезимдер, уникалдуу, өз жашоосунан алынган окуялары, жүрөк жылытарлык чын ыкластуулук!