Куратор, тарбиячы же жөн эле "Класс энеси"
Биздин мектепте 1-класстан баштап ар бир класста, класс жетекчи менен кошулуп тарбиячы-мугалим да чогуу иштешет.
Жогорку класстарда тарбиячы-мугалимдин ордуна куратор келет.
Илим мектебинин тарбиялануучулары мектеп турмушундагы эң маанилүү инсаны тууралуу кененирээк айтып берели.
- Куратор балдарга өз мээримин арнап жана жүрөгүнөн чыккан сүйүүсүнө бөлөп турат. Балдардын оригиналдуулугун, кайталангыстыгын, шыктуулугун баамдап, анан өзүн-өзү таануу жөндөмүн кубаттап турат.
- Ал иш-чараларда мыкты аткаруучу, ата-энелер чогулуштарында баяндамачы, балдар менен иштөөдө психолог, конфликттерди чечүүдө компетенттүү юрист, сүйлөшүүдө мыкты дипломат жана окуучуларынын жакын досу.
- Куратор окуучуларга лидерлик сапаттарды жана soft skills өнүктүрүүгө жардам берет. Мектебибиздин «Эң негизги адам» тууралуу 10-класстын куратору - тарых мугалими, Рано Мухамеджановна кененирээк айтып берет.