Мектепке кабыл алуу

Урматтуу ата-энелер,
«Илим» Билим берүү комплексине кабыл алуу талаптары менен таанышыңыздар.

Суроолоруңуз болсо 0770330323 телефону аркылуу менеджерибизге кайрылсаңыз болот.

1. Окуучуларды каттоо бөлүмү «Кардар менен иштөө» (214/1 кабинети).

2. Окуучуну алдын - ала тестирлөө үчүн:

  • 1 класс – психологиялык тест (500 сом төлөнөт),
  • 2 - 11 класс - психологиялык тест, предметтик тест: математика, орус тили (1000 сом төлөнөт).

3. «Кардар менен иштөө» бөлүмүнүн адиси алдын - ала тестирлөөнүн жыйынтыгы менен ата-энелерди тааныштырат.

4. Окуучуну кабыл алуу алдын - ала тестирлөөнүн жыйынтыгынын негизинде жүргүзүлөт.

5. Милдеттүү төлөмдөр:

  • кирүү взносу,
  • 3 жолку тамактануу,
  • окутуу.

6. Арзандатуулар:

  • Экинчи жана андан кийинки балдары үчүн арзандатуу караштырылган. Кенен маалыматты "Кардар менен иштөө" каттоо бөлүмдөн билүү үчүн 0770 330 323 номур менен байланышыңыздар.
  • Окуу жылын «эң жакшы» деп бүтүргөн окуучулар баалуу белектер менен сыйланышат.

7. «Илим» ББКсыне кабыл алуу үчүн тиешелүү иш-кагаздары - мектеп, б/бакча:

  • Окуучунун өздүк делосу, милдеттүү түрдө ичинде: сүрөт, мектептин мөөрү, баалары, кол коюлушу.
  • Баланын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү.
  • Ата-энелердин паспортунун көчүрмөсү.
  • Керектүү медициналык документтер: эмдөөлөр боюнча № 063 формасы, ден соолугунун абалы жөнүндө № 026 формасы; (бала бакча үчүн - баланын ден соолугу жана балдар тобуна бара ала тургандыгы жөнүндө педиатрдан маалымкаты).
  • 10 класстын окуучулары үчүн - 9 классты бүтүргөндүгү тууралуу күбөлүк.
  • Эки экземплярдагы ата-энелеринин жана камкордук көрүүчүлөрдүн келишимдери.
  • 1-класска жана бала бакчага бара жаткан балдар үчүн 3x4 (1 даана) сүрөтү.
  • Чет өлкөлүк окуучулар үчүн - документтердин орус тилиндеги нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу: паспорт, медициналык документтер, эмдөө жөнүндө күбөлүк, өздүк делосу, ата-энеси, камкорчусу жөнүндө маалыматтар.

Байланыш

  • Кыргызстан, Бишкек ш.,
    Токтоналиев көч. 6 – Б
  • +996 (770) 33-03-23
  • +996 (312) 54-13-79 - Мүдүрдүн кабылдамасы

    +996 (312) 54-56-87, +996 (708) 330 323 - «Кардарлар менен иштөө» бөлүмү

    +996 (312) 54-56-88, +996 (500) 330 356 - Эсеп-кысап жайы

    +996 (700) 926 203 -  «Психологикалык колдоо борбор» бөлүмү

  • Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
  • 8:00 - 17:00 чейин
    (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары)