Музыкалык мектеп

Азыркы замандагы билим берүүнүн негизги миссиясы инсандын өзүн-өзү аныктоосу жана аны турмушка ашыруу шарттарын камсыз кылуу болуп эсептелет. «Илим» музыкалык-эстетикалык борбору балага бул жашоодо өз ордун табуусуна жана дүйнө таанусуна жардам берет, жаратылышка мамилесин музыка, искусство дүйнөсү аркылуу калыптандырат.

Музыка жана ырдоого үйрөтүү аркылуу биз ийгиликтүү окутууга жетишебиз:

  • жаңы билимдерди, көндүмдөрдү таап, ноталарды, интервалдарды билүү- бала үчүн мейкиндикке кеңири ой жүгүртүүнү камсыздайт, ал эч качан «оң» жана «сол» жактарды адаштырбай, ар бир колунун милдетин туура түшүнөт.
  • эске тутуунун бардык түрлөрү өсөт: угуу, көрүү, элестетүү.
  • ассоциативдик ой жүгүртүү өсөт: фантазия, эмоция, сезим.
  • бала ар качан укканын туура түшүнөт, бирок айтылганды жазуу же кайталоодо жаңылышып, көптөгөн каталарды кетирет. Демек, бул балада , бардык эле учурдагы балдардай угуу анализатору менен кыймыл-аракет системасынын ортосунда байланыш калыптана элек, ошондуктан бул нерсе сабатсыз жазуунун себеби болуп калат. Музыкалык аспапта ойноо ритмге келтирип, угуу жана колдордун туура кыймылдашын жөнгө салат. Музыкалык чыгармаларды фразаларга бөлүү, музыкалык символикалар менен иштөө баланын жазуу жана оозеки ой жүгүртүүсүнүн туура түзүлүшүн калыптандырат.
  • вокал дем алуу системасын жакшыртат, артикуляция аппаратын машыктырат.

Иш-чаранын багыты:

  • фортепиано
  • вокал
  • комуз
  • синтезатор
  • саксофон
  • гитара

Байланыш

  • Кыргызстан, Бишкек ш.,
    Токтоналиев көч. 6 – Б
  • +996 (770) 33-03-23
  • +996 (312) 54-13-79 - Мүдүрдүн кабылдамасы

    +996 (312) 54-56-87, +996 (708) 330 323 - «Кардарлар менен иштөө» бөлүмү

    +996 (312) 54-56-88, +996 (500) 330 356 - Эсеп-кысап жайы

    +996 (700) 926 203 -  «Психологикалык колдоо борбор» бөлүмү

  • Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
  • 8:00 - 17:00 чейин
    (дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары)